www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү күчөтүлдү.

Паспорттук көзөмөл бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жоолук салынган кыз-келиндерди гана сүрөткө тартып, калгандарды жөн гана коё берип жатышты. Бирок орой мамиле жасашкан жок, – деди ташкенттик жүргүнчүлөрдүн бири.

Өзбекстандагы эл аралык аэропорттордун кызматкерлери чет өлкөлүктөр эмес, республиканын гана жарандары текшерүүдөн өтүп жатканын билдиришти. Бирок алар текшерүү кайсы укуктук ченемдин негизинде жүрүп жатканын түшүндүрүп бере алышкан жок.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарына президенттин жашыруун токтомунун көчүрмөсү тийген. Документте сакал коюуга жана хиджаб кийүүгө каршы кампания башталганы жазылган. Бул токтомдун негизинде хиджаб кийген жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыз-келиндердин атайын тизмеси түзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости