www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) Ош шаарына толук көчүрүү тууралуу демилге көтөрүлдү. Министрликтин Ош боюнча башкармалыгында байланыш бөлүмүндө иштеген Таштан Тукуев аттуу кызматкер 17-ноябрда Ош шаарында басма сөз жыйынын уюштуруп, мекемени көчүрүү зарылчылыгы тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Ал ӨКМ системасында иштегенине 20 жылдан ашуун убакыт болгонун, жаратылыш кырсыктарынын басымдуу бөлүгү республиканын түштүк аймагында катталарын айтты. Министрликтин Бишкектеги кеңсеси имаратты ижарага алып, казынага жүк болуп жатканын белгилеп, Оштогу имаратта бир нече кызматкер гана отурарын кошумчалады.

Тукуевдин айтымында, ӨКМ 2001-жылдан бери Ошко жана Бишкекке бир нече жолу которулуп, 2019-жылы толук бойдон кайра Бишкекке көчүрүлгөн. ӨКМ бул демилгеге расмий пикирин билдире элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости