www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөн райондук соту өзүнүн кызын зордуктаган кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун сайты билдирди.

Маалымат боюнча, сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алган.

“Айыпталуучунун айтымы боюнча, 2013-жылы анын жубайы каза болгон, эки жылдан кийин дагы бир жолу үйлөнгөн. Бин нече убакыттан кийин ажырашып кеткен. Балдарын өзү тарбиялап жаткан. 2018-жылы кызын бөлмөгө киргизип зордуктап салган. Кызы боюнда бар экенин билген эмес”,-деп өкүмдө көрсөтүлгөн.

Сот отурумунда жабырлануучунун тергөө учурунда берген көрсөтмөсү окулган. Кыз атасы эки жолу зордуктаганын айткан. Милиция кызматкерлери зордуктоо фактысын кыз алты айлык боюндар бар кезде такташкан.

Сот айыпталуучуну 12 жылга жана алты айыга эркинен ажыратты.  

Эске салсак, Өзгөндө милиция кызматкерлери рейд учурунда боюнда бар кызды табышкан. Өспүрүм психикалык жактан жабыркап жүргөн атасы тарабынан зордукталгандан кийин боюнда болуп калганы аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости