www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында Кыргызстанга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын бир үй-бүлөсүнүн жардам сураган кайрылуусу тартылган видео таркаган. Андан көп өтпөй эле, бул үй-бүлөгө бир ишкер үй белек кылды.

NazarNews.kg агенттигинин кабарчысы видеокайрылуу жасаган Рамазан аттуу жигитке байланышканда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:

Биз Нарын шаарында турабыз, биз жашап жаткан батирдин ээси үйүн сатып жатыптыр, ошого бизди чыккыла деп жатат. Өкмөттөн батирибизге жана светке деп 5 миң сом берет. Ошол жетчү, эми ал батирден башка издесек ал акча батирге төлөгөнгө жетет экен да, светке жетпей калат экен.

Үй-бүлөөдө эң улуусу менмин, 25 жаштамын. 11-класста окуйм. Атайын бир кесибим жок болгондуктан мени жумушка да алышпайт. Уюлдук компаниялардын бирине ишке орношуп, айылдарга сим-карта сатып иштегем. Алгач жакшы эле болчу, кийин акчасын төлөбөй калып, иштебей калдым. Азыр эми болуп калса жүк түшүрүп иштеп акча табам. Башка каражат тапчу булагыбыз деле жок. Апам оорукчан, сүйлөбөй калган, иним да оорукчан, анын бели кыйшык. Ооруканага көрсөткөнгө каражатыбыз жок.

Ошол видеокайрылуу жарыялангандан кийин бизге жардам берем дегендер көп чыкты. Акчалай да жардам беришти. Орусияда иштеген Кылыч аттуу бир байке бизге үй белек кылды. Кубанычым койнума батпай турат. Баарына чоң ыраазычылыгымды билдирем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости