www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмышка шектелип кармалган Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары менен аталган райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алган.

Эске салсак, 2019-жылдын 16-октябрында УКМК менен Башкы прокуратура биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында алган 60 миң сом параны кайтарып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалган.

«А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» менен биргеликте КР жараны «Э.А.» кылмыш ишин кыскартуу үчүн 100 сом өлчөмүндө пара талап кылып, 60 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости