www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодо бир добуш 10-20 миң сомго чыгабы?

Шайлоолордо добуштардын наркы улам көтөрүлүп баратканы байкалат. Арийне, талапкерлердин акчасын алып, шайлап шайлоо бүткөн соң ошол партияга нааразы болгондор да толтура. Же болбосо ар кайсы талапкерлерден акча алып шайлоону бизнеске айланткандар да бар. Эмки шайлоодо добуштун наркы канчага чыгат? Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов шайлоодо жарандар өз добушун 10-20 миң сомго сатууну сунуштады. Мындай жол менен шайлоочулар добуштарды сатып алып жаткан олигархтарды жазалаган болот. Анын ой толгоосу боюнча Кыргызстанда шайлоодогу добуштарды сатып алуу жөрөлгөсүн жеңүү мүмкүн эмес.

“Мындай жөрөлгө жада калса өнүккөн өлкөлөрдө бар. Бирок, биздин партия добуш сатып алган эмес. Биздин азаматтарыбыз добушту көбүн эсе региондордон алып келген. Шайлоочулар 1-2 миң сомго добушун сатып жатат. 5 жылда 1800 күн болуп атат. 1000 сомду 1800 бөлсөк жада калса күнүнө 1 сом болбой калып жатат. Эгер 2 миң сом деп эсептесек бир айга 30 сомго добушун сатып жатпайбы. Бирок, муну баары сатып аткан жок”,- дейт Алтынбек Сулайманов.

Анын баамында, бул мыйзамсыз көрүнүштү токтотуу кыйын, андыктан ал шайлоочуларды добушун 10-20 миң сомго сатуу керек, - деп кошумчалады эл өкүлү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости