www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ислам мамлекети” террордук уюмдун планында Израиль чабуулдун негизги максаты деп жарыялады. Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы согушкерлердин аудиобилдирүүсүнө таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, буга АКШ тарабынан түзүлгөн “кылым келишими”, башкача айтканда Израиль менен Палестинанын ортосундагы конфликтти жөнгө салуу планы себеп болгон. Ошондон улам террордук топ кол салууларды улантууну жана Израилди ракеталарды сыноо жана химиялык куралдын полигонуна айлантабыз деп коркутууда.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп жана Израилдин премьер-министри  Биньямин Нетаньяху Ак үйдө өткөрүлгөн биргелешкен отурумда “кылым келишимин” талкуулашкан.

Аталган “кылым келишими” тууралуу 2019-жылы апрель айында Ак үй жар салган. АКШ Иерусалимди бөлүп, палестиналык мамлекет курууну пландап жатат. 23-июнда аталган долбоорго 50 миллиард доллар бөлүп берүү сунушу киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости