www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Разаковдун “тагдыры” бүгүн чечилет

Буга чейин Жеңиш Разаков: чек ара боюнча митингге чыккан баткендиктерди, "акчага сатылып келди" деп сыпаттаганы эсибизде. Бул боюнча ЖК депутаты Жанар Акаев Разаковдун элден кечирим суроосун же кызматын таштап кетүүсүн айткан эле. Бирок, териси калың Разаков "мышыгымды пыш дей албайсыңар" дегендей эле ордунда былк этпей олтурат.

Эл деген сел демекчи, мындай кордукка чыдабаган эл, алардын ичиндеги активисттер ушул маселе боюнча Лейлек жана Баткен райондорунун тургундары, бир катар жарандык активисттер, коомдук бирикмелердин мүчөлөрү чек ара маселелери боюнча маалымат жыйын беришет. Ошондой эле алар вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун элге карата "акча менен чыгарылган адамдар" деген сөзүнө жооп кайтарып, нааразычылыктарын билдиришмекчи. Маалымат жыйын бүгүн, 28-январь күнү саат 10:30да "Супер Медиа" маалымат борборунда өтмөкчү.

Катышуучулар: Ыргалай Бекмуратова, Лейлек районунун тургуну, "Мээржазы" коомдук бирикмесинин төрайымы; Бегмат Тажибаев, Баткен районунун тургуну, "Чек ара" коомдук бирикмесинин мүчөсү; Азизбек Салибай уулу, Баткен районунун тургуну, жарандык активист; Гүлжигит Исаков, "Чек ара" коомдук бирикмесинин мүчөсү. Айкут Конушбаев, Токтогул районунун тургуну, жарандык активист, "Чек ара" коомдук бирикмесинин мүчөсү.

Булак: “Факты.kg”

Последние новости