www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн да мага жуучулар келиптир. Дагы экөө. Экөө тең  эки парламенттик партиялардын лидерлери. Биринчиси Золото кирип келатып эле, алдынан тосо чыккан «телохранителимдин» тумшугун талкалай койду. «Эй, сен мага хотын болосуң!» - деп муштумун таптап келатканда, коркуп кетип: «Хоп!» - деп жибердим. «Менин атым Золото. Парламенттик шайлоодо бир добуштун наркын 10-20 миң сомго көтөрөбүз. Менин тилимди албагандарды камчы менен шапалакты төргө илип коюп, камчы менен камчылап, шапалак менен шапалактайм» - деп шак бурулуп алып чыгып кетти. Жүрөгүм түшүп калды. Дагы ыйлап алдым.

Күйөөгө тийген оңой эмес экен да. Биринчи сүйлөшкөн Бакага телефон чалсам. «Золотону жолотпо. Азыр сага бир сулуу жигитти жөнөттүм, ошого сразы макул бол» - дейт. Сулуу жигит келди, аты Теке дейби, мээни чагып көп сүйлөгөн, закөнчүл неме экен. Мындай ресторанга барып, романтикалуу кеч өткөрбөйлүбү десем. «Майли, мен катта закондорумду,Канститусиямды  алып алайын. Ошол жерден экөөлөп жазалы» - дейт. ««Медовый месяцты» кантип өткөзөбүз?»- десем. «Менин офисиме отуруп алып Канститусия жазып өткөрөбүз» - десе чалкамдан кетиптирмин. Анткени, мен мыйзам дегенди жаман көрөм. Бекер «шакалат» жегенди жакшы көрөм.

Күрт жээнинен күртүлдөмө

3 сериал, (Бабусянын күндөлүгүнөн);

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости