www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ:

Кандай гана адам болбосун тойго, конокко баратканда же жөн эле көчөгө чыгып баратканда сөзсүз түрдө күзгүгө каранат эмеспи. Ал эми күзгүнүн ар кандай түрү бар, кичинекей сумкага салып жүрмөй, дубалга илмей, же астында буттары бар же болбосо алдында тумбочкасы бар күзгүлөр кездешет. Негизинен эле күзгүлөрдүн көп нерселерге пайдасы бар, күзгүсү жок автомобилдер болбойт. Бирок канчалык күзгүнү колдонуп, пайдаланбайлык ага эч деле маани бербейбиз. Эгер сынып же жарака кетип калса, кадимки эле айнектер сыяктуу акыр-чикир салган челекке ыргытып жиберебиз. Мен деле башыма жүн чыгып, ушул жашка келгени күзгүгө каранып, жасанып келдим. Өзүңдүн келбетиңди көрүп оңдонуп, жасанып алганга күзгүлөрдүн пайдасы көп эмеспи. Эгер күзгү болбосо өзүңдүн ким экениңди, жүзүңдү билбей жүрүп өтүп кетмексиң.

Мен милиция кызматында күзөт бөлүмүндө иштечүмүн. Бир сутка иштеп үч сутка эс алчумун. Жайдын саратан мезгили, кеч күүгүм болчу. Мен кайтарып жаткан объектинин жанындагы үйлөрдүн биринен бир адам чоң картон коробканы көтөрүп келип, эки жакты карана акыр-чикир салынган жащиктердин жанына тикесинен коюп койду. Анан эки жагын бир аз карап турган соң, караңгыга сиңип, көздөн кайым болуп жоголду. Анын бул кыймыл-аракетинен кандайдыр бир шектенүү пайда болду. Балким, жардыруучу зат таштап кеткен жокпу деп да шектендим. Чотуу иштеген өнөктөшүмө көргөн окуяны айттым. Экөөбүз ээрчишип алып ошол картон коробкага бардык. Адегенде жакын баргандан да коркуп жаттык. Аны биринчи мен көрүп тигини ээрчитип келгендиктен сыртындагы байлануу лентасын чечтим. Анысынан да картон коробканы сыртынан көк желим лента менен байлап койгонун карабайсыңбы. Мина же жардыруучу зат дегенди угуп алып жүрөгүм лакылдап коркуп, жанымды тобокелге салып, лентаны сыйрып алып таштап коробканы ача баштадым. Ичинде коркунучтуу эч нерсе деле жок экен, болгону дубалга илип койчу чоң, тегерек күзгү турат.

Өйдө көтөрүлүп отуруп алкымыма тыгылып келаткан жүрөгүм кайра ордуна калыбына келди. "Өх" деп жеңил дем ала чекемдеги теримди аарчыдым. Тим эле мончого түшкөндөй болуп көл-шал болуп тердеп кеткенимди кантесиң. Анан чоң эрдик жасагансым, шеригиме жылмая карап, өзүмө чакырдым.

Ал эмне экен?" деп жетип келди. Экөөлөп тырмалаңдап атып коробкадан күзгүнү сууруп чыктык. Жумуртканын түзүлүшүндөй болгон сүйрү, чоң күзгү экен. "Жүрүчү, тигил жарык жакка барып көрөлүчү" деп өзүбүздүн кичинекей бөлмөбүзгө алып келдик. Жээктери оймолонгон жакшы күзгү экен, тек гана ортосунан узунунан жарака кетиптир. Экиге бөлүнүп сынып калбаганына таң калдык. Анан кароолчулук кылган кичинекей үйүбүздүн бир бурчуна илип койдук. Кичинекей бөлмөбүздүн көркүн ачкандай эле болду, кайра-кайра күзгүгө каранып, сакал-мурутубузду алып, таранып, кийген кийимибизди жасап-түзөп жыргай түштүк. Анан акырындап ага көнүп кеттик дагы маани да бербей калдык. Түнкү саат үчкө чукулдап калган. Күзгүнүн жанынан өтүп бараткам. Анын эки сыныгынан бири-бирине окшош эки кыздын турганын байкап калдым. Дароо жалт карадым, күзгүнүн ары жагында бири-бирине куюп койгондой окшош эки кыз мени карап жылмайып турушуптур. Жүрөгүм алкымыма тыгыла түштү. Бир-эки мүнөттөн кийин экөө тең өзүнөн өзү жок болуп кетишти. Бул жөнүндө жанымдагы шеригиме айткан эмесмин коркуп, чочулап алып таштабасын деп. Арадан эки күн өткөн-дөн кийин ал дагы айтып жатпайбы "күзгүдөн мен кыздардын элесин көрдүм" деп. Демек, менин көргөнүм чын экен да. "Бул күзгүдө бир сыр бар экен" деп ичимден ойлоп койгом, дал эле ошондой болду, бирок аны алган жокмун. Арадан бир аз күн өткөн соң, биз кайтарган объектинин ичинен бактын түбүндө өлүп калган адамды таптык. Сыягы, үй-жайы жок тентип жүргөн киши окшойт. Камерага түшпөй, кандайча дүбалдан секирип өтүп кеткенин билбейбиз. Ызы-чуу болуп эле жатып калдык, өнөктөшүм экөөбүз эскертүү алып, жеме уктук. Анда деле анча маани берген эмеспиз. Арадан эки күн өтпөй биз кайтарган объектидеги бир кызматкерибизди кимдир бирөөлөр далысына бычак сайып өлтүрүп кетти. Бизден экинчи өлүк чыгып, дагы ызы-чуу болдук, Ошол үчүн бир кызматкерибиз жумушунан бошоп кетти. Ошо менен эле тып болуп калса эмне. Бир кызматкерибиз электр чайнекти токко сая коем деп аз жерден өлүп кала жаздап, оо дүйнөгө барып кайра келди.

Начальнигибиз баарыбызды чакырып алып өзүнчө жыйналыш өткөрдү.

- Деги силерде эмне болуп жатат? Кыска убакыттын ичинде эки өлүк, анан тигине үчүнчүбүз да өлүп тирилди. Кичине кыраакы болсоңор боло, канткенде тынчтанасыңар, ыя? - ал ачууланып баарыбызды тилдеп, коркутуп, эскертүү берип "бошотом" деп анан кое берди. Ошондон көп убакыт өтпөй эле биздин объектинин ичинен капкара болгон үч иттин өлүгүн таптык. Ал жерде эртең менен жок болчу, тим эле кимдир бирөөлөр атайылап өлтүрүп туруп ушул жерге таштап кеткендей. Аны көргөндө бардыгыбыздын көздөрүбүз алая бири-бирибизди карадык. Эми муну начальнигибиз билсе шорубуз шорподой кайнады дей бер, дароо эле ошол жерге көмүп таштадык билгизбей. Анан өзүбүзчө чогулуп альш талкуу жасадык, эмне себептен мындай болуп жатканын. Кокусунан күзгү көзүмө уруна түштү, бизди бир кыз жылмая карап туруптур, анын бети-башы кызыл-ала кан, анан жоголуп кетти.

Дароо ордуман атып турдум да дубалда илинип турган жаракат күзгүнү алып акыр-чикир салынган жащиктин ичине таштап салып келдим. Эртеси карасам, акыр-чикир тарткан машина ичиндегилердин бардыгын тазалап алып кетиптир. Ошондо гана жеңил жүктү алып ыргыткандай болдум, Кудайыма тобо, ошондон соң андай окуя экинчи кайталанган жок, тынчып эле калдык, Үйгө күзгү илгенден да чочулап калдым, деги Кудайым өзү сактасын, ал эмне болгон күзгү экенине азыр дагы башым жетпейт.

Булак: Шамбала

Последние новости