www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын премьер-министри кызматына Никол Пашиняндын талапкерлиги сунушталды. Бул тууралуу Пашинян өзүнүн «Facebook» баракчасына жарыялаган.

Маалыматта «Жарандык келишим» партиясынын ички шайлоосунун эки этабы аяктаганы белгиленген.

- Добуш берүүнүн жыйынтыгын талашуу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде бир да арыз түшкөн жок. Эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрүнө, айрыкча комиссиянын төрагасы Акоп Аршакяндын жетекчилиги алдында өткөн эки этаптагы жабык жашыруун добуш берүүнү жогорку деңгээлде жана дээрлик кынтыксыз уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирем. Партиялаштарыма дагы мага кайрадан ишеним көрсөткөнү, “Жарандык келишим” партиясынын шайлоо тизмесин жетектөөнү ишенип тапшырганы жана мени Армения Республикасынын премьер-министри кызматына талапкер кылып көрсөтүү урматына татыктуу көргөнү үчүн ыраазымын, - деп айтылат билдирүүдө.

Последние новости