www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ералаштын" мурдагы режиссёру Илья Белостоцкий педофилия үчүн 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, соттук отурум жабык эшик артында өткөн.

"Мамлекеттик айыптоочунун позициясын эске алуу менен сот Белостоцкийди 14 жылга эркинен ажыратты, ага карата күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колониясында жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарды", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө стадиясында Белостоцкий жеңилирээк берене боюнча - 14 жашка чейинки балага карата адепсиз иштер боюнча айыпталган. Эми ага зомбулук көрсөтүү же ошол эле курактагы жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу менен сексуалдык мүнөздөгү кандайдыр бир аракеттерди жасаган деген айып тагылууда.

Ал 2020-жылдын октябрынан бери камакта. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек жана ага даттанууга болот.

Буга чейин анын үйүнөн жашы жете электер менен болгон сексуалдык мүнөздөгү материалдар табылгандыгы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости