www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президентинин басма сөз-катчысы Дмитрий Песков Москва Азербайжанга эч качан коркунуч келтирбегенин билдирип, эки өлкө ортосундагы чыңалууга азербайжандыктарга каршы кылмыштардын иликтениши себеп болгонун айтты. Ал Украинаны мамилени атайылап курчутууга аракет кылууда деп айыптады.
Кремль Азербайжанда кармалган россиялыктар боюнча тынчсызданып жатканын билдирип, алардын укугун коргоого даяр экенин белгиледи.
Көйгөйлүү маселелер Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин менен Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиевдин деңгээлинде каралып жатат.
Чыр Екатеринбургда азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү кармалып, экөөсү каза тапкандан кийин башталган.
Мунун артынан Азербайжанда баңги соода жана киберкылмышка шектелген россиялыктар кармалды. Ошондой эле, «Sputnik Азербайжан» жетекчилери мыйзамсыз ишмердик айыбы менен камакка алынды.
Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери нааразылык ноталарын алмашты.
Украинанын президенти Зеленский Азербайжанды колдой турганын билдирип, «Россия анын жарандарын кордоп жатат» деген пикирин айтты.