www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшада айлык акыларынын көтөрүлүшү үчүн иш таштоого барган мугалимдер менен өкмөттүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыккан жок.
Мугалимдер профсоюздары менен өкмөттүн өкүлдөрүнүн арасында айлыктардын көтөрүлүшүнө байланыштуу өткөрүлгөн акыркы сүйлөшүүлөрдөн да жайынтык чыкпастан, тараптардын ортосунда азырынча жаңыдан сүйлөшүүнүн да пландалбагандыгы белгиленди.
Премьер - министрликтин кеңешчиси Михал Дворчик бул тууралуу берген маалыматында иш таштоонун 6 - майда боло турган лицей сынактарынан мурда акырына чыгышы керектигин айтты.
Өлкөдө мугалимдердин 30 пайызы айлык акылардын көтөрүлүшүн талап кылуу менен 8 - апрелде баштаган жалпы иш таштоодон улам 10 күндөн бери билим берүү токтотулган.
Бийликтеги Мыйзам жана адилеттик партиясы мугалимдердин айлыктарынын сентябрь айынан баштап 15 пайыз, андан кийинки жылы дагы аз катнашта көтөрүү сунушу мугалимдердин каршы чыгышына себеп болгон.
Польшада мугалимдер тажрыйбаларына жараша айда 470 – 780 доллардын арасында айлык алышат.
Булак: trt.net