www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурун бүткөндө колдонулган популярдуу вазоконстриктор тамчылары ага көз карандылыкты жана жүрөк ооруларын пайда кылат.
Мындай маалыматы испаниялык El Confidencial гезити жазды.
Басылма бул маалыматты Сантьяго-де-Компостела клиникалык ооруканасынын отоларингологу, Испаниянын отоларингология жана баш жана моюн хирургиясы коомунун мүчөсү Кристиан Кальвонун берген маалыматына таянып жазган.
"Алгачкы күндөрү дары абдан жакшы таасир этет, мурундун былжыр чел кабыгы тарыйт, мейкиндикти бошотуп, дем алууга шарт түзөт. Бирок көп өтпөй артка кайтуу синдромун пайда кылат. Башкача айтканда, дарынын таасири азайганда былжыр чел ого бетер шишип кетет. Ошондуктан , дарыны кайра колдонуш керек болот. Бул патологиялык процесстердин жабык циклин жаратат." , - деген адис.
Мындан тышкары, мындай заттарды кыянаттык менен пайдалануу кан басымдын жогорулашына, мурундун септумунун тешигине, инсультка алып келиши мүмкүн, ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасына коркунуч туудурат.
Кристиан Кальво белгилегендей, мурундун аэрозолдоруна болгон көз карандылыктан арылуу үчүн адамдын эрки гана жардам берет.
Булак: NazarNews.kg