www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алманбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты:

“Сооронбай Шарипович досун эмес, элди тандады”

-Коррупция менен күрөшүү президенттин эң негизги  приоритети болду. Иштин жыйынтыгын  эл көрүп жатат. Сооронбай Шарипович досун эмес, элди тандады. Эгер досун коргоп «бармак басты көз кысты» кылганда анда элге кыянаттык болуп калмак. Мурунку президенттен элге жакындыгы, карапайымдыгы менен айрымаланды.

Жамалбек Ырсалиев:

“Бийлик башында жүргөн адамдар коррупцияга шектелип кармалып жатышы көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алды”

-Эң негизгиси коңшу мамлекеттер менен байланыш жакшырып жатат. Көчмөндөр оюндарында коңшу мамлекеттин президенттери келди. Ал эми ички маселеде бийлик башында жүргөн адамдар коррупцияга шектелип кармалып жатышы көптөрдүн жүрөгүнүн үшүн алды. Ошол эле учурда кадрдык маселелерде партиялардын кабагына карап жатып, кадр маселесинде аксап жатабыз. Президент бекем эрк менен баарын жолго салыш керек. Себеби, кандай кызмат болбосун президенттен бата алып көнүп калганбыз да....

Руслан Бекназаров:

“Президент 1 жылдык ишмердүүлүгүндө кошуна жана чет мамлекеттер менен достук байланыштарды жакшыртканы  жетишкендигибиз болду”

- КРнын Конституциясы боюнча Президент сырткы саясатка жооп берет. Ички чарба иштерине КР Өкмөтү жоопкер. Президент 1 жылдык ишмердүүлүгүндө кошуна жана чет мамлекеттер менен достук байланыштарды жакшыртканы эң чоң жетишкендигибиз болду.

Чынайым Кутманалиева

Булак: "Майдан"

Последние новости