www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилей кетсек, мурдагы экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкинди жана мурдагы маданият министри Владимир Мединскийди кеңешчи кылып дайындады. Бул тууралуу жарлыгы 24-январда жарыяланды.
Эки министр 15-январда мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев жетектеген өкмөт отставкага кеткенден кийин кызматынан кол жууган. Алар жаңы өкмөт башчы Михаил Мишустиндин командасына кирбей калышкан.
Орусиянын маданият тармагын 2012-жылдан бери тескеп келген Владимир Мединский Медведевдин өкмөтүндөгү чуулуу окуяларда аты көп аталган министр катары мүнөздөлүп келген. Ал кызматта турган учурда Маданият министрлиги кинотеатрларда орус тасмаларына орун бошотуу үчүн айрым чет өлкөлүк фильмдерге чектөө койгону белгилүү.
2017-жылы айрым тарыхчылар Мединскийдин докторлук диссертациясында каталар жана так эмес маалымат көп экенин айтышып, анын илимий даражасын жокко чыгаруу демилгесин көтөрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg