www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАПАРОВ САДЫР НУРКОЖОЕВИЧКЕ маданияттын өкүлдөрү чукул Кайрылуу жасады. 

К  А  Й  Р  Ы  Л  У  У

УРМАТТУУ САДЫР НУРКОЖОЕВИЧ! Кирип желе жаткан Жаңы жылыңыз менен куттуктайбыз. Жаңы жылыбыз акжолтой жылдардан болсун.

Биз чыгармачыл адамдар, болгондо да, Жаңы жыл алдында, ушинтип көчөгө чыгып, калыстык, адилеттик талап кылабыз деп, үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес эле. Тилекке каршы, ушундай күндү да көрүп жатабыз. Өзүңүзгө белгилүү болгондой, чыгармачыл адамдар эч качан үйүр – үйүр болуп, топтошуп ар кандай коомдук уюмдарга мүчө болуп ураандашпайт, атак – даңк куубайт, өз чыгармачылыгы менен гана алек. Мындай адамдар чыгармачылыкта өз багытын таап, өзү салган  изи болгону менен, эмгектери  дайым эле баалана бербегени мыйзам ченемдүү көрүнүшкө айланып келгени эч кимге жашыруун деле эмес.

Адам фактору аралашкан оомалуу – төкмөлүү заманда, мыйзамсыздыктар ашынып кеткен, үрөй учурган айрым учурларда аргасыздан үн катышка туура келет экен. Ошондой кырдаалдын бири, азыркы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын айланасында болуп жаткан мыйзамсыз көрүнүштөр болуп олтурат.

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык – бул Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы  16-июнунда кынтыксыз иштелип чыгып, негизделип, жарым кылымдан ашык убакыттан бери, Жобосу кандай заман болбосун баардык талаптарга жооп берип келген. Ошол эле учурда, “Токтогул сыйлыгын ыйгарууда ар дайым эле калыстык болуп келген”-дегенден таптакыр алысбыз. Себеби, адам фактору болуп келген, болуп жатат. Натыйжада, Мамлекетибиздеги бул даражалуу сыйлыкты жең ичинен эле,  келген эле Бийликтин “арзыматтары”, амалкөй “күзөтчүлөрүнөн” өйдө алып турушту.

Токтогул сыйлыгы келген эле бийликке өз киши болгон айрым бир “чыгармачылмын” дегендердин жеке монополиясына айланган кырдаалдарды да баштан кечиргени эч кимге жашыруун эмес. Натыйжада, ошондой бут тосуулардан улам, аталган Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу канчалаган мыкты чыгаан чыгармачыл адамдардын татыктуу эмгектери бааланбай, көздөрү өтүп кетти. Ал боюнча ошондой кырдаалга туш кылгандарды тарых кечирбес.

Заман өзгөрүп, ошондой адилетсиздиктер сүрүлүп, нукура чыгармачылык бааланган заман келди деп, Сиздин бийликтен үмүт артып турсак, тилекке каршы, аталган сыйлыкты ыйгаруу боюнча Мамлекеттик комиссияга Маданиятты талкалап кеткен, талкалап жаткандар кайрадан эле Сиздин колтугуңузга кирип, кайрадан өз бийлигин жүргүзүп жатканы өтө өкүндүрөт жана таптакыр кечиримсиз. Ошонун бири, бүгүнкү күндө Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын төрагалыгына чейин жеткен Түгөлбай Казаков. Биз билгенден, бул кишинин Маданиятты тейлеп турган министрлик доорундагы башка мыйзам бузуучулуктарын айтпаганда да, улуттук Тарых музейиндеги тарыхый баалуулугу бар, кылымдарды карыткан, кымбат баалуу табылгыс мумия кыздын экспонатын тыптыйпыл кылып жоготкону үчүн эле жоопкерчиликке тартылгандын ордуна, “ыргыткан ташы өйдө ыргып”, минтип, даражалуу Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча Мамлекеттик комиссияны жетектеп калышы, карышкырга кой кайтарткандай эле жорук болуп калган.

Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын азыркы Тугөлбай Казаков жетекчилик кылган курамы толугу менен таркатылып, аталган сыйлыктын жаңы Жобосу толугу менен жокко чыгышы керек деп эсептейбиз. Себеби, аталган комиссия өзүлөрүнун туздөн туз милдетин ак ниет менен аткара алган жок. Тескерисинче, Токтогул сыйлыгынын жаңы Жобосун бурмалоо менен, жалган маалымат берүү жолу менен накта татыктуу талапкерлерди коомдук башталыштагы чыгармачыл союздардын тыткындысына салып берип, жарыштан четтетип, сүрүп салып олтурат.

Түгөлбай Казаков Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын төрагасы болуп туруп, жаңы Жобо боюнча Коомчулукка чындыкка жатпаган маалымат таратып, ошол өзү тараткан маалыматка ылайык мыйзамсыз талаптарды коюп, натыйжада, башаламан кырдаал түзүлдү.

Мисалы: Казаков Түгөлбай Токтогулович 30.11.2021-жылы “ВВС” дүйнөлүк кызматына:“...Жободо мындай өзгөрүүлөр бар: мурда Токтогул сыйлыгына көрсөтүү укугу мекеме-ишкананын баарына берилген, жаңы Жободо чыгармаларды сыйлыкка көрсөтүү укугу жалаң гана чыгармачыл союздарга берилди. Бул комиссиядан өтүп, бекитилген соң чоң комиссияга келет”- деген маалымат таркаткан.

 Ал эми, жаңы Жобонун 1- пунктунун 2 - подпунктунда: “Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана чыгармачыл  бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга чыгармачылык эмгектерди көрсөтүүгө укуктуу”- деп турат.

Натыйжада, чыгармачыл союздар Түгөлбай Казаковдун койгон талабынан улам, өзүм билемдик менен билгенин кылып, өзүлөрүнүн чечимин акыркы чечим катары баалап, алардын элегинен өтпөй калды болгон талапкерлердин документтерин чыгарбастан өзүлөрүндө басып жатууда. Ошол эле учурда, Токтогул сыйлыгынын  Жаңы жобосунун 3-пунктунун, 19-подпунктунда: “ Секциялардын, эксперттик  комиссиялардын, эксперттердин жана адистердин корутундусу акыркы болуп саналбайт. Алардын корутундусу талаштуу мунөздө болгон учурда акыркы чечимди Комиссия (Токтогул атындагы Мамлекеттик комиссиясы) кабыл алат”- деп турат.  Комиссиянын төрагасы Түгөлбай Казаковдун толугу менен бурмаланган талабынан улам, Токтогул сыйлыгына талапкерлерди кароодо ЭКИ БАСКЫЧТУУ БЮРОКРАТИЯЛЫК СИСТЕМА түзүлүп олтурат. Түгөлбай Казаков комиссиянын ишин баштаганда эле “нөкөр” жумшаган жорукту баштап олтурат. Болуптур чыгармачыл союздар Токтогул сыйлыгынын комиссиясынын ишин жасайт экен, анда, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын накта комиссия мүчөлөрү эмне иш кылат?! Өзүлөру караганга компетентсиз, тармактар боюнча түшүнүктөрү тайкы болсо, анда, андай комиссия мүчөлөрдүн аталган даражалуу сыйлыкты ыйгарууда кереги барбы?! Түгөлбай Казаковдун министр болуп иштеп турган учурундагы эле мыйзамсыз кылыктары жетиштүү эле го?! Ошондой адам бүгүн Мамлекеттик сыйлыкты жетектеп турушу акылга сыйбаган эле жорук. Эмне ал кишинин көксөгөн кыялы орундалбай калганы үчүн, аталган сыйлыкты жетектетип койдуңуздарбы? Түгөлбай Казаковдун чыгармачылыгы боюнча талапкерлиги 2011-жылы талапка жооп бербегенине байланыштуу Токтогул сыйлыгы ыйгарылбай калганын жакшы билебиз.

Түгөлбай Казаков аталган комитетке жетекчи болуп келээри менен Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын жаңы Жобосун демилгелеген.  Жаңы Жобонун  мазмуну  карама-каршылыктар жык толгон, сыйлыктын талабына таптакыр жооп бербейт. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык эч качан башка Мамлекеттик сыйлыктарга байланышы жок сыйлык болуп негизделген болсо, азыркы жаңы Жобо боюнча түздөн - түз башка Мамлекеттик сыйлыктарга байлап койгон.

Мисалы: эски Жободо: “Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма  акыркы үч жылда, бирок сыйлыкты кезектеги ыйгарууга чейин (бул Токтогул сыйлыгы тууралуу болуп жатат) кеминде бир жыл мурда жарыяланган (эл алдында аткарылган, көрсөтүлгөн, курулган)  болууга  тийиш”- делет. Эски Жобонун бул пункту кара кылды как жарган, калыстык менен чыгармачыл адамдарга колдоо көрсөткөн пункт. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык эч качан башка сыйлыктарга байланган эмес. Татыктуу эмгеги барлар, Жобонун негизинде, кандай Мамлекеттик сыйлык албасын, Токтогул атындагы  Мамлекеттик  сыйлыкка талап кылынган жобонун негизинде, акыркы 3 жылда жараткан мыкты эмгектерин сунуштоого акысы бар эле.

Ал эми, жаңы жобонун 5 – пунктунун 37- подпунктунда: “Эгерде чыгармачыл эмгек акыркы беш жылда, бирок кезектеги Мамлекеттик сыйлыкты (бул жерде Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык жөнүндө эмес, жалпы Мамлекеттик сыйлык боюнча кеп болууда) ыйгарууга чейин бир жылдан кеч эмес жарыяланган, эл алдына чыгарылган, аткарылган болсо, анда Комиссия кароого кабыл алат” – деп жазылган. Бул жерде Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты алып барып, жалпы Мамлекеттик сыйлыкка байлап койгон. Ошентип,  жаңы жободо, чыгармачыл адамдардын чыгармачылык жолуна бөгөт койгон пункттар камтылган. Жарым кылымдан бери бардык талаптарга жооп берип келген Жобону талкалаштын эч бир кажети жок болчу. Токтогул сыйлыгы негизделгендеги Жобосу кынтыксыз иштелип чыккан Жобо болчу. Заман талабына жараша, мисалы реквизитеринде гана өзгөрүү киргизилип, ал эми мазмуну ошол боюнча калышы керек болчу.  Токтогул сыйлыгына татыктуунун татыктуусу гана көрсөтүлүп ат салышуучу Мамлекеттик ири өлчөмдөгү байгеси бар сыйлык. Бул сыйлык  башка сыйлыкка эч качан байланбашы керек. Бул сыйлык эркин сыйлык болушу керек, накта чыгармачылыкка даңгыр жол ачып, чыгармачылыкка демөөр болгон сыйлык болушу керек.

Азыркы жаңы Жобо толугу менен абсурд. Бул сыйлыктын мазмунуна өлгөндөр да аталган сыйлыкты алат жана кандай тартипте алаарынан өйдө саймедиреленип жазылып жүрөт. Чыгармачыл адамдарды көзүнун барында сыйлоо керек. Көзү өткөндөн кийин ал сыйлык, ал чыгармачыл адамга таптакыр кереги деле жок, урук-тууганына акчалай байгеси эле керек болбосо. Сыйлык деген – бул сыйлоо дегенди түшүнөбүз. Биз сыйлоону көзү бар адамга кылынуучу сый деп түшүнөбүз. Көзү өткөндөн кийинки сыйлоо эмес, эскерүү деп аталат. Ал эми Токтогул сыйлыгы бул тирүү чыгармачылыгы менен өзгөчөлөнгөн, сыйлыктын Жобосунун талабына жооп берген, татыктуу чыгармачыл адамга бериле турган сыйлык.  Бул сыйлык  жаш өзгөчөлүгүнө, же коомдо кандай болсо да таанылган “атак-даңкы”, төшүнө тагынган орден – медалдары үчүн эмес, таза, накта чыгармачылыгы үчун бериле турган Мамлекеттик сыйлык.

Түгөлбай Казаков демилгелеп, бекиттиргенге үлгүргөн  жаңы Жобону, Кыргыз искусствосуна  нукура, өзгөчөлөнгөн  чыгармалары менен өз салымын кошуп келген чыгармачыл адамдарга каршы урулган гана сокку катары баалайбыз. Өзүнүн кандидатурасы аталган сыйлыктын талабына жооп бербегенинен улам, ызасын чыгара турган куралга айланткан гана Жобосу катары баалайбыз. Башкача айтуу мүмкун эмес! Токтогул сыйлыгын эски Жобосу, Америка мамлекетинин конституциясындай эле кынтыксыз жазылган, бирден - бир кандай заман болбосун талапка жооп берген  жобо болгон. Аны өзгөртүүгө негиз да жок болчу.

Түгөлбай Казаковго окшогондорду мындай абройлуу сыйлыктын комиссиясына  эч качан жолотпоо керек деген ойдобуз.

Мындан тышкары, жаңы Жобону 24.11.2021-жылы бекиттирип туруп, жоо куугансып, арыдан - бери будамайлап, шашылыш талапкерлерди тандоого да негиз жок болчу.

Жогорудагылардын негизинде:

  1. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча Комиссиянынын азыркы жаңы курамын толугу менен  жокко  чыгарып, мүчөлөрдү  сынактын негизинде таза адамдардан тандоону;

  2. Токтогул атындагы  Мамлекеттик сыйлыктын жаңы Жобосун жокко чыгарып, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитети жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин токтому менен 1965-жылы  16-июнунда  кабыл алынган редакциясында күчүндө калтырууну;

  3. Токтогул сыйлыгынын так Жобосу иштелип чыгып, бекитилгенче, Токтогул сыйлыгына талапкерлерди тандап, ыйгарууну  токтоосуз токтотуп турууңузду;

  4. Бизди ушул жана Маданияттын башка көйгөй маселелери боюнча жеке кабыл алууңузду өтүнөбүз.

Урматыбыз менен маданият кызматкерлеринин мүчөлөрү 

Байланыш: 0702  43 77 86                

 

Последние новости