www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Погончон крысаларга» кепти буралы. Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев Бишкекте эле жүрөбү? Эч кимди тоготушпайбы? Бул боюнча орган кызматкерлери тарабынан күбүр-шыбыр кепти кантип тыябыз?
Эмне үчүн бийлик кылмышка шектүүлөргө издөө салып, камакка алуу аракетин көрбөй келүүдө? Кой-Таш окуясындагы элдин жапырт тепки жегени, ар кандай оор жаракаттарды алышканын баарыбыз билебиз...
Кийин 4-5-октябрда орун алган борбор калаабыздагы башаламандык, Үмүтбектин өлүмү, жүздөгөн жарандарыбыздын жарадар болушу, аныгында, канчасы майып катары кыйналып жүрүшөт? О.э. милиция кызматкерлеринен да жабыркагандар арбын эле.
Дал ушундай аянычтуу көрүнүшкө Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев күнөөлүү экенин коомчулук какшап айтып келатса да, эмне үчүн реакция берилбейт?
Мындай «жексурларды» камакка алып туруп, кашайта сурак кылып, элдин көксөөсүн суутуш керек. Булар «ырдаган тейде» Сокеге көрсөтмө беришип, коп сырларды ачып беришмек.
Акыры Сооронбай Жээнбековдун дагы кан төгүүгө себепчи катары жазасын алары ачыкталып, камалып, калыс баа берилмек. Ошондо бийликтин рейтинги көтөрүлөт эле. Оор үшкүрүктөр чыгып...
Булак: Азия News гезити