www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Баткендеги учурдагы абал, кырдаал боюнча оюңуз кандай? Эл дагы деле кооптонуу менен чочулап жашап жатат. Акыркы күндөрү эле бир топ жаңжалдар кайталанды. Чек арачылар күчөтүлгөн режимде иштешүүдө. Качан эл тынчтыкта жашайт?

- Баткен облусунда, чек арага жакын айылдарда жашап жаткан элибиздин абалы мени, баткендиктерди, кыргыздарды тынчсыздандырат. Бийлик тезирээк чек ара маселесин чечүүгө аракет кылышы керек.

Чек ара чечилип калса, эл бүгүнкүдөй кооптонуусуз, тынч, көңүлдүү, бактылуу жашоо улантмак. Коңшуларга ишенип болбойт. Булардын негизги максаты – Баткен, Лейлек райондорунун аймагын ээлеп калуу. СССР убагында көп жерибизди берип койгонбуз.

Ошондуктан, чек ара чырын тез чечүүгө аракет көрөлү. Жыл өткөн сайын тажиктердин саны көбөйүп баратат. Азыр 10 миллиондон ашты. А биз 6 миллиондун тегерегиндебиз. Өзгөчө Баткен менен Лейлекте миграция күчөп, элдин көпчүлүгү Чүйгө, Бишкекке көчүп келишүүдө.

Ошондуктан, ал жерге жумуш орундарын түзүү зарыл. Бош жаткан жерлерди өздөштүрүп, бир ишкерге бир гектардан берип, Лейлек районунун санын (эгерде бүгүн 250 миң болсо) 400-450 миң кишиге жеткирсе болот.

Ошондо гана туруктуулук менен тажиктерге каршы тура алабыз. Эң негизи, чек араны бекемдеп жабуу зарыл. Себеби, ал жерде эл аз болгондуктан, коңшу мамлекет бизге күндө кооптуу абал жаратууда.

Булак: Азия News гезити

Последние новости