www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды.
Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды.
«Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.
«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров энергообъектилердеги штаттан тышкаркы абалдарды болтурбоо чаралары, энергокомпанияларда «акылдуу эсептегичтерди» орнотуу, электроэнергияны сатуу рыногун кеңейтүү, кошумча кубаттуулук резерви жана аймактык өнүктүрүү саясатынын алкагында бул жылы ишке киргизилген объектилер жөнүндө кеңири айтып берди.