www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-ноябрда Кыргызстанда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 21-Конференциясынын катышуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Биз бир тууган, жакын элдербиз жана сиздердин атайын кызматтардын жыл сайын жолугушчу 20 жылдык салттарын сактап, кызматташтыкты бекемдеп жана өнүктүрүп, тажрыйба алмашып, улуттук, аймактык жана глобалдык көйгөйлөрдүн кеңири спектрин талкуулап жатканыңарга кубанычтабыз», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков жана бул конференция бүт аймак үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, аймактын бардык мамлекет башчылары эң оболу бир тууган элдердин коопсуздугун камсыздоого багытталган атайын кызматтардын тыгыз жана натыйжалуу аракеттешүүсүнө өзгөчө маани беришет.

«Ар кандай деструктивдүү уюмдардын максаттары карапайым калктын тынчтыкта жашоо, эртеңки күнгө ишенимдүү кароо, билим алуу, балдарын тарбиялоо деген сыяктуу жөнөкөй каалоолоруна каршы келет. Бирдиктүү гана аракеттер менен коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөштө маанилүү жыйынтыктарга жетишүүгө болот. Сиздердин деңгээлдеги мамлекеттер жана ведомство аралык кызматташтык мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоо ишинде маанилүү натыйжаларды берет деп ишенем», — деп белгиледи Президент жана ийгиликтерди, жемиштүү ишмердик каалады.

КР УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын 21-Конференциясынын ишмердиги тууралуу маалымат берип, төрагалык Кыргызстандан Азербайжанга өткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Мадат Гулиев, Азербайжандын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Орхан Султанов, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков, Казакстандын тышкы чалгындоо кызматынын директору Исатай Сыртаев, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов жана ошондой эле КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости