www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 7-февралга чейин Кытайда мамлекеттик иш сапар менен болот. Президенттин жана КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземинин сүрөттөрү жарыяланды.

Сүрөттөргө караганда Кыргызстандын делегациясына төмөнкүлөр кирет:

Биринчи айым Айгүл Жапарова,

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурлан Азыгалиев,

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев,

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев,

Депутат Улан Примов,

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков,

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов,

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Равшанбек Сабиров,

Юстиция министри Аяз Баетов,

КР президентинин алдындагы Улуттук инвестиция агенттигинин директору Талантбек Иманов,

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актылек Мусаева,

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев,

Президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев,

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Кадыралиев,

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов,

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев,

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов,

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов,

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев,

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев.

 

Последние новости