www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда түркмөн калкы үчүн оор жагдай түзүлгөн, нан, унга кезек күтүшүп зарыгып отурушат, анткени ал жакта бизге окшоп айыл чарба реформасы болгон эмес. Эмне себептен Бердымухамедовдун саясий карьерасы тез өсүп, Сапармурад Ниязовдун көзү өткөн соң президент болгон? Анткени, ал Сапармурад Ниязовдун никесиз баласы дешет. Буга себеби факт катары Гурбангулы Бердымухамедовдун Сапармурад Ниязов менен коёндой окшоштугу жана кызмат жагынан тез секирип, президенттикке жеткендиги мисал келтиришет. Аргымакты алчаңдата минип, бир-эки дивизия аскери бар үчүн Армиянын генералы чинин алган президент бар. Буюрса жакында маршалды алат.Бир күнү муруту жок сүрөткө түшүп, дагы бир убак өткөн соң муруту менен сүрөткө түшүп, иш бөлмөлөрдөгү сүрөттөрдүн барын жаңыртат.

Гурбангулы Бердымухамедовдун саясий аңчылыгы 1997-жылы Саламаттыкты сактоо министри болгон соң башталган. 2001-жылдан вице-премьер. Аркадаг (колдоочу) наамына ээ  Түркмөнстан Республикасынын 2007-жылдан тарта президенти , Түркмөнстан министрлер Кабинетинин төрагасы, Түркмөнстан Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы, медицина илимдеринин доктору, экономика илимдеринин доктору, Түркмөнстан илимдер Академиясынын академиги, Түркмөнстан демократиялык партиясынын төрагасы.

Эпидемия ээлигип ааламды кучагына алган мезгилде алты мамлекетке бул вирус жологон эмес. Алардын арасында тынч океанындагы кичинекей мамлекеттер: Вануату, Науру, Тонга жана Соломон аралдары кирет. Алар менен бирге Ким Чен Ын башында турган Түндүк Корея жана Гурбангулы Бердымухамедов жетектеген Борбордук Азиядагы Түркмөнстан да кошулган. Түндүк Корея кошуна Кытайды коронавирус каптаган соң чек араларын бекитип, Кытай менен жашыруун соода кылгысы келгендердин түз эле башын алган. Авторитардык режим орногон Түндүк Кореяда коронавирус менен ооругандар бар болуш керек деген болжол бар.

Гурбангулы  Мяликгулыевич мамлекет башында турган Түркмөнстан да бир топко туруштук берип, аягында бул ооруга моюн берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости