www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Батыш экономикалык диктат менен өз тамырына балта чаап жатат, системасы деградацияланууда. Бул тууралуу Москвада өтүп жаткан Евразиялык экономикалык форумда Россия президенти Владимир Путин билдирди.

“Дүйнөлүк аренада чындап эле терең, түп-тамырынан бери өзгөрүү болуп жатканын көрүп турабыз. Улуттук эгемендүүлүктү чыңдоого, ички жана тышкы саясатты көз карандысыз жүргүзүүгө багыт алган мамлекеттер көбөйүп, ар бири өз өнүгүү модели менен жашоодо. Бир полярдуулукту жактагандар өзүнүн тамырына балта чаап жатат”, — деди Путин.

Россия лидеринин жыйында айткан сөзүнүн урунттуу учурлары:

ЕАЭБдин жалпы ИДПсы өткөн жылда 1,6 пайызга төмөндөдү, бирок оппоненттердин биз үчүн болжолдогон “кыйратуучу” сценарийи эми ишке ашпайт;

2022-жылы ЕАЭБ алкагында соода жүгүртүү 14 пайызга өстү;

Түндүк — Түштүк коридорунун Решт-Астара темир жол участогун куруу Азербайжан менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда. Бул жол жылына 30 миллион тоннага чейин жүк ташууга мүмкүндүк берет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости