www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп мүнөзү жана өжөрлүгү менен Европада абалды тез эле тартипке келтире алат деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин "Москва. Кремль. Путин" программасынын автору Павел Зарубинге "Россия 1" телеканалы аркылуу берген маегинде.
"Мен сиздерге кепилдик берем: Трамп мүнөзү жана өжөрлүгү менен ал жакта бат эле тартип орнотот. Баарын көрөсүздөр, бул жакында болот – алар баары кожоюндун алдына тизелеп, куйруктарын булгалай башташат. Баары өз ордуна келет", — деди орус лидери.
Путиндин айтымында, Трамптын баалуулуктар системасы АКШнын мурунку президенти Жо Байдендин позицияларынан айырмаланат. Европа элиталары мурунку Ак үй администрациясын жакшы көрчү жана Вашингтондун ар бир буйругун аткарууга даяр болчу.
Орус президентинин белгилешинче, европалык саясатчылар Трамп менен күрөшүүгө аракет кылып, АКШдагы шайлоо процессине кийлигишкен. Бирок республикачылардын талапкери жеңгенден кийин түшүнбөстүккө туш болушкан.
Учурдагы европалык элиталардын өз көз карашын коргоп күрөшүүгө эрки жок, алар саясий майдачылыкка айланып калышкан деп баса белгиледи Путин.