www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү. Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, алар 2-январдан бери нааразылык акциялары өтүп жаткан Казакстандагы кырдаалды талкуулашты.
«Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүүдө Казакстандагы кырдаалды талкуулады. Тараптар ошондой эле ЖККУнун алкагында биргелешкен кадамдарды ишке ашыруунун жүрүшүн карашты», - деп айтылат билдирүүдө.
5-январда Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен нааразылык акцияларын талкуулаган.
Кечээ, 6-январда ЖККУ Кеңешин жетектеген Пашинян Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтөрүн жарыялады. Контингентти Орусиянын Россиянын аба-десант аскерлеринин жетекчиси Андрей Сердюков жетектеди.
Булак: NazarNews.kg