www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Орусиянын Деңиз доктринасын бекитти

 Орусиянын президенти Владимир Путин РФтин Деңиз доктринасын жана Аскер-деңиз флотунун Кеме уставын бекитти.

Орусиянын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата Путин өлкөдөгү башкы аскердик-деңиз парадын кабыл алууда. Иш-чара Кронштадт жана Санкт-Петербургда өтүп жатат. Алгач мамлекет башчы коргоо министри Сергей Шойгу жана Аскер-деңиз флотунун башкы командачысы Николай Евменов менен катерде аскердик кемелердин линиясына барып, экипаж менен учурашып, куттуктаган.

Параддын негизги бөлүгү башталганга чейин президент Орусиянын Аскер-деңиз флотунун Деңиз доктринасын жана Кеме уставын бекиткен жарлыктарга кол койгон.

Документтерге кол коюу иш-чарасы Санкт-Петербургдагы Мамлекеттик тарых музейинин имаратында өткөн.

"Биз Орусиянын экономикалык, турмуштук, стратегиялык улуттук кызыкчылыктарынын чектерин жана зоналарын ачык белгилеп алдык. Биринчиден, булар биздин арктикалык суулар, Кара, Охот жана Берингово деңиздеринин суулары, Балтика жана Курил кысыктары. Аларды коргоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деген Путин.

Ал Аскер-деңиз флоту Россиянын эгемендигине жана эркиндигине кол салууга аракет кылгандардын баарына чагылгандай бат жооп бере аларын белгилеген. Президент дүйнөдө башка аналогу жок "Циркон" гиперүндүү ракеталык комплекси жакынкы айларда Россиянын куралдуу күчтөрүнө келерин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости