www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Менден атактуулардан баштап кичинекей бийчи кыздарга чейин дене түзүлүш боюнча алардан суроолорду көп угат элем. Мен өзүм - союз маалынан баштап, бий боюнча билим алып келген профессионал хореографмын. Ал кездеги бал бийинен баштап, улуттук (элдик) менен аяктадым. Солист болуп, филармонияда эле жашап калганбыз. Албетте, жакшы келбет үчүн эмне кылышты, кандай кылышты бизге бийчилерге жакшы маалым. Эң башкысы "Ак-марал" ансамблинин бүтүрүүчүсү, менин бийден берген мугалимиме, экинчи апама Зинаида Ашимовнага таазим. Ал адам бизди убагында (фундамент) кылып, болушунча кыйнабаса, батмандын түрүн жасатпаса, жотэпадыша менен тажатпаса ичибиз бош болуп, балбырап-малбырап эле жүрө бермек экенмин деп ойлоп калдым.

Ошондо кашыбыз бүркөлүп, бетибиз кызарып, кыйналып турсак Зина эжем: " Вы меня ещё вспомните! Плохому танцору ноги мешают."- деп урушуп калчу эле. Эми суроолорду беришсе эле, Зина эжемди эстейм. Азыр да Балажанда сабак берет. Ушул кезге чейин буттарымда целлюлит жок. Болгону учурда мурдум картошка, ичим помпошка, аркам жалтырак булочка, өзүм "ничёшка" болуп жүрөм. Ичимдин сызыгын прессти ойлонбой, таркыйып уктап жүрөм. Буйруса, аман-эсен көз жарып алсам, силерге да ичиңерге сызык түшүргөнчө, арыктатканды видео менен бөлүшөм.

Асема Токтобекова (Фейсбуктагы өздүк баракчасынан алынды)

Последние новости