www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Иним Асылбек Жээнбеков мени сөз болбосун деп коркконунан үйдө отурат" деп бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.
"Эгер Асылбек Шариповичтин мамлекеттик ишке аралашкан фактылары болсо, кеңселери болсо, даректерин бергиле. Канча журналист бар, барып тарткыла. Кеңсеси болсо, мамлекеттик ишке киришсе, чара көрөйүн деп жатам. Эч кимди аябайм", - деди өлкө башчы.
Андан соң, журналисттин эинчи берилген суроосуна ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу төмөнкүдөй жооп берди.
"Матраимов мен келгенге чейин 8 жыл Бажы кызматында иштеген. Эгер пара алган факты болсо, текшерем, чара көрөм. Үйлөрү салынса, менин убагымда салынган жок да. Буюрса, факт болсо текшертем", - деп убадалады Жээнбеков. Булак: NazarNews.kg