www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Берекет» базарындагы өрт боюнча иш сотто карала баштады. Дүйшөмбү күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда алгачкы отурум болгонун бүгүн «Азаттык» радиосуна жабыркаган соодагерлердин бири Калипа Искендерова билдирди. Анын айтымында, сот тараптарды суракка ала баштады.

Жабыркаган тарап өрт электр коопсуздугу боюнча талаптар аткарылбагандыктан чыкканын айтууда:

- Электр зымы чагылышкан, демек. Себеби кароолчу «электрди өчүрүш үчүн чуркап бардым» деп айтып жатпайбы. Жарык күйүп тургандыктан аны өчүргөнү барды да, - дейт Искендерова.

"Берекет" базарында быйыл 13-апрелде түн ичинде чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр аянт күйгөн. Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси ("Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу") жана 238-беренеси ("Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголгон.

Базардын директору Рафкат Момункулов жана техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев кармалган, бирок көп өтпөй үй камагына чыгарылган.

Искендерованын айтымында, жабыркаган соодагерлердин саны 360тай адам. Алар чыгымы 15-130 миң долларга жеткенин айтууда.

Булак: "Азаттык"

Последние новости