www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай пикирин саясат талдоочу Табылды Акеров бүгүн, 23-октябрда "Марал" радиосунун суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

- 2015-жылы “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана башка партияларды Атамбаев өзү эле түзүп салган. Бул партиялар парламенттик шайлоого 6 ай калганда катталышкан. Ошондуктан “өлкөнү эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кошобуз, пенсияны, маянаны чоң өлчөмдө көбөйтүп, Казакстан менен теңейбиз”- деген сыяктуу катуу убадаларды айтышкан. Бул эптеп парламентке өтүү аракети болгон, -дейт анда саясат талдоочу.

Белгилей кетсек, 2015-жылдагы шайлоодо Акеров айткандай, "Атамбаев өзү эле түзө салган" «Кыргызстан» партиясы - 205 миң 286 шайлоочу, же 13,07%; «Өнүгүү - Прогресс» - 147 миң 515 добуш, же 9,39%, ал эми «Бир Бол» партиясы - 134 миң 909 жаран, же шайлоочулардын 8,59%ын алышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости