www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызык суроо бекен? Чынында эле ар бир депутатка жылына алты миллион сом чыгымдалса жалпы көлөмү канча болуп кетет, кокуй! Бекер жерден муну кадимки саясатчы Адахан Кимсанбаевич президент менен болгон жолугушууда көтөрүп чыкпаса керек. Ошого чычалаган айрым жазмакерлер эми сизди сотко берсе кантип кутуласыз деген суроосун жагалданып Мадумаровго берип “ак кызматын” өтөштү. Тилекке каршы ушул көлөмдөгү каражатка тийиштүү мыйзамдарды чыгарууга, пайдалуу иштерди жасоого эл өкүлү салымын кошо алдыбы деген суроону берүүгө акылуубуз да? Себеби биздин салыкка берген акчабыздын эсебинен депутаттар тайраңдап жүргөнү жалганбы? Кызылдай чындык экени талашсыз деп койсок неге болбойт?

Акыркы мезгилде парламенттин жүргүзгөн арабөк ишине ичи чыкпаганы боюнча маалыматтар жайнап кетти. Дегеле парламентке көңүлү элжиреген бир адамды да табуу мүмкүн болбой калды. Той-тамашаларда дардаңдап чер жазган депутаттардын жарыгы качан элге тийди эле? Жай турмуштагы жарандарга тескери тарптан “Үлгү” көрсөткөндөрдүн шиши толуп калганын журтчулук алаканга салгандай байкап турат. Ошондуктан эки жылдан кийин өтүүчү парламенттик шайлоого чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү учурдун өктөм талабы. Антпесек эски оорунун чеңгелинде кала берип, дагы кыйналабыз. Албетте, капчыктуулар эмес, эптеп жанын баккан бечаралар катаалдыкка кезигип, көзүнөн шоросу чыгат. Мындай талапты азыркы бийликке таасын жеткирип, анын натыйжасы майнаптуу болушуна тикебизден тик турушубуз кажет. Дымактуу жаштар ширин сөздүн, акчанын кулу болбостон калкка ысыгы тийген демилгеге, төп тарабы келишкен мыйзамдын жаралышына, келечекке маани берүүсү зарыл. Антпесе 6 миллион сомдук атка минерлер кайрадан ээрге отуруп, көлөкөсүнө “ашкабак” өстүрө берет. Ошону эмитен көңүлгө түйөлү…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости