www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Карганын көзүн карга чокубайт"

Финполдун башына Бакир Таиров келгени башаламандык, өзүм билемдик арбыган. Коомдо нааразычылык күч, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Таиров башым деген жок. Мына 6 миллион сомдук, кылмыш ишине далил катары алынган алтынды Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүсү жок кылып койгон иш коомдо талкуу жаратты.

Финполиция жетекчилиги бул боюнча болгону кызматтын аброюна шек келтирди деген гана жүйө менен иштен бошотуп тим болду. "Карганын көзүн карга чокубайт" деген ушул. Бул иши үчүн тергөөчүгө кылмыш иши козголуп, түрмөгө отуруш керек болчу. Эске сала кетсек, 2018-жылы 10-октябрда финполициянын кызматкери соттун санкциясын көргөзүп ишкер Альберт Рахманжановдун ломбардын тинтүүгө алып, баасы 6 миллион сомдук алтындарын алып кеткен.

Ушул жылдын 2-апрелинде Ош шаардык соту алтындарын кайтарып берүү боюнча чечим чыгарган. Бирок финполдун кызматкери далил катары алган алтындарды эмес, башканы берген. Рахманжанов өз алтын буюмдарын ала албай калган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости