www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чакан өлкөбүз базар экономикасына өткөнү жарнамага көбүрөөк көңүл буруп калганын тана албайбыз. Теле-радиону койдук гезит-журналдарга, ал турсун көчөлөр толо жарнама илинген шиттерге толгон.

Бирок ошол атайын акча төлөнүп илинген жарнамалардын жазылган жазуунун мазмунуна көңүл бурган деле киши жокпу деген ой пайда болууда. Анткени ката жазылганы аз келгенсип кээ бир жармалардын мазмунун окуп алып ачуу келет. Дагы жакшы биздин эне тилди башка улуттун элдери түшүнбөгөнү. 

Жайды-жайлата Чүй көчөсү менен Ибраев көчөсүнүн кесилишинде орус тилинде “подарим лето” деп жазылып турду. Бирок анын ылдый жагында кыргыз тилинде “жайды белек кылабыз” деп жазылган жазуу үч ай турду. “Жай” деп биз эмнени түшүнөбүз? Жок дегенде “Жай мезгилин белек кылабыз” деп жазып койсо анда сөз башка эле.

Мындай башка тилден туура эмес которулуп жазылган жарнамалар биздин улутубузга доо кетирип жатканына ким көңүл бурат? Улут үчүн күйгөн бирөө жарым барбы? Ал эми орусташып кеткен эне тилди билбегендерге баары бир экенин эстен чыгарбасак.

Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg

 

Последние новости