www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасында экинчи ирет мунайды жашыруу фактысы катталды. Бул тууралуу ишкананын юристи Эдил Чаканов «Азаттык» радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн айдагы текшерүү учурунда Кочкор-Атадан Жалал-Абад шаарына түтүк менен нефть жеткирген Кайырма насостук станциясында бир эле күндө 130 миң сомдук жашыруу катталган. Төрт кызматкер жумушунан четтетилип, материалдар укук тартибин коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Өткөн айда да 300 тонна мунай уурдоо фактысына ылайык милиция кылмыш ишин козгогон.

Кочкор-Атадан Жалал-Абадга чейин түтүктөр аркылуу жеткирилүүчү мунайды орто жолдо белгисиз бирөөлөр түтүктөрдү тешип, агызып алып жатканы аныкталган. Мекеменин коопсуздук кызматы “уурулукка милиция аралашкан” деген маалымат берген болчу. Учурда ал иш боюнча тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости