www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда “Түкүрүк” боюнча кабыл алынган  мыйзам кызуу талкууга алынып, бийликке болгон нараазычылык күчөдү. Аттуу-баштуулар  жогорку маселеге токтолуп, саясатчы Эмилбек Каптагаев бул мыйзамдын жыйынтыгынан “жакшылыктын” жышаанын көрбөгөндүгүн жазган.

--Тиги 2010-жылкы "Араб жазы" деп аталган революциялык толкундун башында Кыргыз Эли турду деп айтылып жатты эле, эми "ТҮКҮРҮК революциясы" дегендей "жаңы" толкундун башында да туруп калабызбы деген кооптонуу жаралды...кечетен берки ФБдагы кабарларды окуп отуруп... "Түкүрүп салдың" - деп эле базардагы аялдарды ары-бери сүйрөй берсе ошого барып калат, деп жазат саясатчы Эмилбек Каптагаев.

Ал эми саясый серепчилердин катарын толуктаган Алмазбек Акматалиев:

--Бул түкүрүктүн айып акча жөнүндө ушунча бат талкуу жүрүп, миңдеген адамдар соцтармактарда өз кайчы пикирлерин айтышканы эң мыкты жөрөлгө деп эсептейм! Себеби: бул көйгөгө коомдук көңүл бурулду! “Штрафтар” колдонулабы же жокпу, азыр мааниси деле жок! Түкүргөн болбойт, бул маданиятсыздык, бул инфекция таратуу, бул жаман иш деген коомдук бүтүм калыптанды десек болот! Бул чоң жеңиш! Эми, баягы ТҮКҮРБӨ деген флешмобду кайрадан башташ керек! Кичинекей болсо да жеңишиңер менен, кыргызстандыктар демекчимин, деген пикирин жазган Алмазбек Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости