www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирүү таратты.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту Александр Рябушкин менен Галина Рябушкинаны “Вечерний Бишкек” басма үйү” жабык акционердик коомундагы үлүшүнөн ажыратуу чечимин кабыл алган. Ошентип Александр Ким аталган коомду кайрадан колуна алды.

Эскерте кетсек, Атамбаевдин бийлигинде А.Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, алгач «Рубикон», андан соң басма үйү толугу менен Рябушкинге өткөн.

Жаңы бийлик келгенде, 2018-жылы Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазган, анын арызынын негизинде ага эки кылмыш иши козголуп Рябушкин камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости