www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буларды билесиздерби?

Стамбулдагы эң маанилүү Осмон эстеликтеринин бири Сүлеймание комплексинин өз доорунун маанилүү билим борбору болгонун билесиздерби ?

Кануни Султан Сүлейман жана Мимар Синандын, доордун күч символу менен архитектура генийинин айкалышы болгон Сулеймание  комплекси  Осмон империясындагы  эң чоң комплекстердин бири. Бул жер  бардык тармактарда билим бериле турган  доордун негизги билим брүү борбору катары долбоорлонгон.

Курулушу 1550 – жылы башталган жана жети жылда курулуп бүткөн Сүлеймание комплекси  экономикалык жана маданий функциясы  менен классикалык мезгилдин сиволу болуп саналат. Комплекстын түрдүү тармактарда билим берген жети медресесинин ичинде медициналык медресе орун алган.  Медициналык медресенин оң жагындагы курулуш оорукана болгон. Бул жерде дарыкана менен мончо да болгон. Бул оорукананын Осмон империясындагы башка ооруканалардан  эң негизги айырмачылыгы психикалык оорулар бөлүмү болгон.  Бул бөлүмдө бейтаптар атайын дарылар жана музыка менен дарыланган.

Сүлеймание комплексиндеги эң көз жоосун алган имарат, албетте, Сүлеймание мечити. Бул жер Мимар Синандын башка чыгармалары сыяктуу жөнөкөй, бирок кереметтүү. Мечиттин короосунун төрт бурчунда жайгашкан төрт мунара Кануни Стамбулду басып алгандан кийин төртүнчү султан болгонун, он балкон болсо Осмон империясынын онунчу султаны болгонун билдирет.

Комплексте Кануни Султан Сулейман, Хүррем Султан жана Мимар Синандын күмбөздөрү да бар.

Последние новости