www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кандай маселе болсо да өз көз карашын ачык айткан экс-депутат Равшан Жээнбеков менен баарлашып, кытайларга сатылганы жаткан “Кумтөр” маселесинин айланасында ой бөлүштү.

Равшан мырза, “Кумтөрдү” иштеткен “Центерра гольд” компаниясы кытайларга сатканы жатыптыр деп коомчулук чуру-чуу түшүп жатат. Кыргызстан кендин ээси катары саттырбай коё алабы?

-Кыргызстан Центерранын кумтөрдөгү акциясын саттырбай койгонго акысы жок. Анткени, ал акция жеке менчик болуп эсептелет. Анын үстүндө акция  Кыргызстанда эмес, Торонтодогу фондулук биржада айланат. Ошондуктан, менчик ээлери ал акцияны кимге сатат, эмне кылат алардын жеке иши.  Биз мамлекет катарында аларга бул жагынан  эч качан тыюу салалбайбыз. Алар жеке менчиктин ээси катарында  чечим кабыл алууга укуктуу. Жеке менчик боюнча Кыргызстандын да, эл аралык мыйзамда да  ошондой.

-Эгер “Кумтөр” чындап сатыла турган болсо, Сапар Исаков түзгөн келишимде макулдашылган онкологиялык тармакты жакшыртууга бөлүнө турган 10 миллион доллар, жаратылышты коргоо үчүн берилет деген 50 миллион долларды бербей коюшпайбы?

-Менимче, мурда онкологияга же болбосо экологиялык кандайдыр бир  маселлерге а акча бөлүп берүү жагы каралган болсо, жетексчилиги тарабынан аткаруучу орган деп коёт. Ал оргнадын чечимин директорлор кеңеши бекиткен болсо, акцияны сатып жиберсе да чечимди жокко чыгарбайт. Экинчиси Алар кыргызстанда иштешип жатат. Кыргызстандын эли менен бийлиги менен жакшы мамиле түзүү сатып жиберген күндө да маанилүү ошондуктан, жаңы сатып алган ээлери онкологияга, экологияга берилчү каражатты бербейбиз дегени туура эмес болуп калат.

-Эмне үчүн “Кумтөрдө” коррупция бар, экологияны бузганы анык дешет да, жыйынтыгында өкмөттүн баары эле “Центеррага”  адвокат болуп алышат?

-“Кумтөр” кайсы бир адамдарга жаккан, жакпаганына карабай  маанилүү статистикаларды карасак, биздин экономикабыз, социалдык тармагыбыз үчүн “Кумтөрдүн” ролду аябагандай зор. Маселен, “Кумтөр” ишин токтотуп  койсо, экономикабыздын таш-талканы чыгат. “Кумтөр” салыктарды, дивиденддерди төлөбөй коё турган болсо, социалдык тармактарда чоң маселе жаралат. Ошондуктан, кайсы гана өкмөт болбосун кандай болсо да, “Кумтөрдүн” иштешине кызыкдар. Анткени, өкмөт эртеңки күн менен жашабайт. Өкмөт бүгүнкү күн менен жашайт. Өкмөт пенсия, пособие, айлык акы бериши керек. Өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөрү аябагандай маанилүү болуп эсептелет. Экинчиси Кумтөрдүн акцияларынын  менчик ээлери, акционерлери  дүйнөгү чоң-чоң компаниялар,  көрнүктүү бай адамдар. Алардын дүйнөлүк аренада, Борбор Азияда, Россияда жана алар аркылуу Кыргызстанга таасири аябагандай чоң. Ошондуктан, кайсыл гана президент болбосун, ким премьер-министр болсо да  алар менен конфиликке баргысы келбейт. Анткени, менчик ээлери менен күрөшүш президентке да,  премьер министрге да  өзгөчө Кыргызстандын абалында кыйын. Себеби, коомдун колдоосу жок прмьер-министр менен президентке алар менен күрөшүү аябагандай оор. Ошондуктан президент да, премьер-министр да “Кумтөр”  менен конфликтке баргандан качат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости