www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Cаясатчы Равшан Жээнбеков Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетиши керек деп эсептейт. Эгерде министр 500 миң сом пара алган болсо, анда премьер отставкага дароо кетиши керек. ал эми биздин республикада андай эмес. премьер өзү жалгыз эч нерсени чеч албайт, ал биринчи эле президентке кайрылат. Биздин өлкөдө элди эки гана адам башкарат. анын бирөө президент, экинчиси - премьер-министр. 

Эскерте кетсек, ушул жумада УКМК транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматынын маалыматына ылайык, министрдин орун басары өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн 50 миң доллар пара алган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматы боюнча министрдин орун басары тендердик комиссиянын төрагасы болуп туруп, чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн жалпысынан 520 миң доллар пара сураган.

Белгилей кетсек, бир эле бажыда расмий маалыматка ылайык, 2017-2018-жылдары коррупция боюнча 15 кылмыш иши козголгон, мамлекет тарткан зыян 450 миллион сомго жеткени эсептелген.

2012-жылдан бери 100дөй кызматкерге айып коюлган, алардын жетөө ушул тармактын ардагерлери.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

 

Последние новости