www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Равшан Жээнбеков менен өкмөттүн абалы, президенттин кадр саясатындагы мүчүлүштүктөрү боюнча баарлашып, айрым суроолорубузга жооп алдык.
-Равшан мырза, өкмөт ишинен майнап чыгарат деген илгери үмүттү, элдин ишенимин актадыбы?
-Кыргыздын тарыхында өкмөттөрдүн бирөөсү да ишеним актаган эмес. Себеби, өкмөттүн реалдуу жана көз карандысыз иштөөсүнө системалык мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн эмес. Өкмөт канчалык күчтүү бололу десе да, кайсы бийлик болбосун өкмөт башчылыкка өз адамдарды алып келген механизмдер ишке ашып кетет. Анткени, күчтүү адамды өкмөт бышчы кылып алып келе турган саясий механизм бизде жок. Себеби, күчтүү адам премьер- министр болсо президент менен премьердин ортосунда карама-каршылык жаралып, президент үчүн ыңгайсыздык жараткан саясат орун алып кетет деп кооптонушат. Кыргызстанда кырдаал өзгөрүп саясатчылар таасир этип, күчтүү премьер-министрди алып келбесе, жай убакта саясат дагы, конституция дагы күчтүү премьерди алып келгенге жол бербейт. Ошон үчүн премьер-министрлик кызматка дайыма президенттин ишенген өз адамдары жана анын эркине каршы чыкпаган адамдар иштейт.
Күчтүү премьер-министр келип калган күндө дагы президенттин колундагы УКМК менен Башкы прокуратура жана жогору жактын айтканын айткандай аткарган соттор, кол балага айланган парламент кандай гана премьер министр болбосун өз алдынча иштетпейт. Иштейм деп жатса да, ордуңду бил деп ордуна коюп, саясий идеяларына каршы чыгып, кайчы пикир жаратып, түрдүү тоскоолдуктар менен ишке ашыртпай коёт. Кыргызстанда Премьер-министр эгер парламент менен президентти укпай, өз алдынча иштей турган болсо, УКМК, прокуратура аркылуу коркутуп, ишине бөгөт коюу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, конституциялык, саясий жактан да күчтүү өкмөт түзүүгө жол тосушат.
-Өкмөттү туш тараптан тушаганы менен мамлекетибиздеги экономикадагы кооптуу абалга өкмөт жооп берет да. Туурабы?
-Конституциялык жактан да, саясий жактан да экономикага өкмөт жооптуу. Өкмөт башчыга өз алдынча иштөөгө шарт түзбөй турган болсо, экономикалык жактан талапты катуу койгонубуз менен премьер-министр ишинен жарытылуу жыйынтык чыгара албайт. Ошентсе да, Кыргызстанда экономика боюнча биринчи кезекте премьер-министр жана анын артында бекинип турган президенттик институт жооптуу болуп эсептелет.
- Мухамбедкалый Абылгазиевдин колу-буту тушалган үчүн маселе чече албай жатабы же ал башынан эле өз алдынча маселе чечип көрбөгөн адамбы?
–Абылгазиев президенттин айтканынан чыкпаган, ансыз бир да маселе чече албаган өкмөт башчы. Ал юридикалык жактан премьер-министр болгону менен факт түрүндө президенттин гана жардамчысы. Ал өз алдынча саясий фугура өз алдынча күчтүү премьер-министр эмес. Бул биринчиси. Экинчиси, Абылгазиевдин өмүр баянын карай турган болсок, ал өмүр бою бирөөлөрдүн жетегинде жүргөн, бирөөлөрдүн айтканынан чыкпаган, өз алдынча маселе чечпеген кадр. Өкмөт башчы болсо да, ошол мүнөзү, басып өткөн жолу анын азыркы ишине кедергисин тийгизип жатат. Өкүнүчтүүсү, өмүрүндө маселе чечпеген, өмүрүндө баш көтөрбөгөн адам экенин анын ар бир аракети далилдеп жатат.
Мухамбедкалый Абылгазиев башында турган үчүн азыркы өкмөт эч кандай көз карашы, мүнөзү жок өкмөт болуп калды. Бул өкмөт саясий маселелерди чече албаган мамлекетке инвестиция тартып келе албаган алсыз өкмөт болду. Ошондуктан азыркы өкмөттөн чоң нерсе күтүү акылсыздык болуп калат.
-Равшан мырза, эмнегедир президенттин кадр саясаты түрдүү сындарга туш болуп жатат. Президент кандай катачылыктарга жол берди?
-Президенттин кадр саясаты чыны менен аябагандай чабал болуп жатат. Президент мурдагы президенттердей эле өзүнүн тегерегиндеги адамдарга токтолуп, өзүнүн тилинен чыкпагандарга басым жасап жатат. Өкүнүчтүүсү, тажрыйбасына карабай тааныш билиштик менен көчөдөн алып келип жооптуу кызматтарга дайындаган кадрларынын кесепети президентке эле эмес, мамлекетке да тийет. Президенттин кадр саясатында кетирген катачылыктары жакынкы убакта аны саясий кризиске алып келет. Бул биринчиси. Экинчиси, президенттин ишке киришкенине бир топ убакыт болсо да, фундаменталдуу, маанилүү реформаларды баштай алган жок. Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстери да чоң конфликтке, каршылыкка дуушар болду. Коом кабыл албай жатат. Мына ушул эки нерсени президенттин кемчилиги катары айтсак, коомчулуктун сынын көбөйтүп жаткан жагдай катары бааласак болот.
-Коомчулуктун нааразычылыгын жаратып жаткан кодекстер Атамбаевдин доорунда даярдалган дешкендер да четтен чыгып жатат го?
-Жаңы жылдан кийин күчүнө кирген кодекстерди Атамбаевдин убагында кабыл алган кодекстер деп айтпас элем. Азыркы кодекстер бүгүндөн баштап, күчүнө кирип иштеп баштаса, анда биз азыркы бийликтин убагында кабыл алынган мыйзамдар деп кабыл алышыбыз керек. Атамбаевдин кеткенине бир жылдан ашты. Кеткен президентти тебелеген, жамандаган жеңил. Биз кеткен президенттерди эмес, азыркы күндө иштеп жаткан президенттердин кемчилигин айтып, жакшы нукка бурууга аракет кылышыбыз керек. Кеткен президент тагдырыбызга, өлкөдөгү абалга, өкмөткө таасир бере албайт. Башкача айтканда, өкмөткө, экономикага таасир берип жаткан азыркы бийлик, азыркы президент. Ошондуктан талаптарды президентке жана анын тегерегиндегилерге коюшубуз керек.
-Президент мындан ары элдин ишенимин жоготуп албаш үчүн эмне кылышы керек?
-Менин оюмча президентке болгон коомдун, саясатчылардын ишеними бир топ азайды. Ал турсун президент ишеничтен кетип, Кыргызстан революциянын жолуна түштү деген көз караш пайда болуп калды. Бул жаман программа болуп эсептелет. Артка кетип, революциялык жолго кетип жатабыз деген сөз коомго сиңип баратат. Бул нерсе президент үчүн жакынкы убактарда чоң коркунучтарды алып келет. Ишенимди кайрыш үчүн президент бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүшүнө шарт түзүшү керек. Өзгөчө президенттик институтту жолго коюшу керек. Анткени, президенттик институт өкмөттөн да күчтүү болуп кетти. Керек болсо, кээ бир маселелерди президент менен кеңешпестен өз алдынча чечип койгон абалга жетти. Мына ушул нерсенин баарын жолго койбосо, алардын аракети президентке чоң соккуну жаратат.
Булак: "Фабула"