www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Башкы прокурор болгон болсом, экс-президентти кылмыш иштеринин белгилери болгон болсо бүгүн эле камап коймокмун деп атпайсызбы…

— Мен үчүн кылмыш иштин белгилери бар. Бийликти узурпациялоо боюнча белги бар. Мен муну парламенттин жыйынында май айында айткам. Өзүнө таанымал эмес укуктарга ээ болуп алган кишини узурпациялоого барган деп коёт. Президент 2010-жылдан кийин “Президент баардыгын башкарып жатат. Муну токтотуш керек. Укуктарын чектөө зарыл” деп кыйкырган. Ошондо тышкы саясат, коопсуздук, коргоо маселелери боюнча жетекчилерди дайындоо функциялары калтырылган болчу. Энергетикага кийлигишип, ушул долбоорду түзгүн деген функция берилген эмес. Ага президенттин укугу да жок. Бул узурпация деп аталат.

— Тышкы саясатты аныктоо дагы Конституция боюнча президентке берилген эмес болчу да. Парламент мыйзам аркылуу бул функцияны президентке өткөрүп бербедиби?

— Тышкы саясат ээсиз калган деп айтабыз. Бийликти бөлүшкөндө Текебаев Конституциялык кеңешмеде “Тышкы саясат президентке таанымал болушу керек” деп айтканы эсимде бар. Бирок, бул Конституцияда жазылбай калган. Кийин депутаттар мыйзам менен президентке бекитип койгон. Ошондуктан, президентте ушул эки гана укугу бар. Энергетикага, Финполицияга, Бажыга, кадр маселесине эч качан кийлигишпеши керек. Бул узурпация.

— Экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу маселеси жаңы бийлик менен эски бийликтин тирешүүсүнөн кийин башталбадыбы. Бул мыйзам бүгүнкү бийликтин үстөмдүгү менен жазылып жаткан жокпу?

— Жок. Бүгүнкү бийликтин үстөмдүгү эмес. Бул маселе эмне үчүн көтөрүлдү? Өткөн жылы ТЭЦ боюнча депутаттык комиссия иштеп бүткөндө, мен трибунага чыгып, бул жерде мурунку президенттин бийликти узурпациялоого аракети көрүнүп турат деп айткам. Ошондо, прокуратура тарабынан “Биз ал адамды суракка тарта албайбыз. Себеби, ал боюнча мыйзамда талап бар” деген сөз чыккан. Ал мыйзам Конституцияга дал келбесе, ал автоматтык түрдө күчүн жоготот. Эгерде кайсыл бир мыйзамдын талаптары азыркы кабыл алынган Конституцияга дал келбесе күчүн жоготот деген норма бар. Прокурор “Кагазга жазылып калган. Мен ал кишини жоопко тарта албайм” дегенден кийин ушул сунушубуз кирип калды. Болбосо жеке мен үчүн бул жерде эч кандай проблема жок. Кагазга жазылып калганы менен Конституция жогору турат. Сооронбай Жээнбеков сунуш кылды деген туура эмес. Конституцияга дал келтирүү аракети болууда. Бул жаңылык эмес. 2005-жылы Акаев качканда экс-президенттин кол тийбестигин жоготуш керек деген сөз болгон. Көпчүлүк макул болгон. 2010-жылы революциядан кийин Убактылуу Өкмөт дагы кол тийбестикти жоготуш керек деп айткан. Кийинчерээк Атамбаев премьер-министр кезинде ушуну алып таштайлы деп сунуш берген. 2014-жылы Адилет министри да алып таштайлы деп сунуштаган. Эмнегедир мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жеткен эмес. Алардын аракетинде кол тийбестикти албоо болгону көрүнүп турат. Азыр эч кандай кысым жок. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Экинчи окууда бир топ башкача болот. Мен ойлогондой болбойт окшойт деп атам. Себеби, “Азыркы иштеп жаткан президентке кандай таасир берет? Шефке жаман кылып койбойбузбу?” деген коркунучтар айрым депутаттарда бар.

— Адам бийликте турганда узурпация жасайт да. Иштеп жаткан президенттерден кол тийбестикти алып салып, кылмыш иш жасаса жоопкерчиликке тартуу жагын жеңилдетсе болбойбу?

— Бүгүнкү күндө иштеп жаткан президентке күнөө көрсөтүү башкы прокурордун мойнунда. Ага Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Бул эми теория да, практикада башкача. Прокурорду ким дайындайт? Президент. Демек, ал президенттин ишенген адамы болобу? Бизде иштеп жаткан президентти жоопко тарталы деген практикада болгон эмес. АКШда андай практика бар. Аларда тууган-урук деген түшүнүк жок. Байлык деген гана бар. Миллиардерлер гана бийликти башкарат. Бизде практика жок болгондуктан, бүгүнкү абалыбызга жараша “Азыркыга сөз тийет. Мен жаман көрүнөм. Андан көрө биз кол тийбестикти алып коёлу. Бирок, иштеп жаткан президентке ылайык башкы прокурор сунуш берсин, депутаттардын макулдугун алсын” деген сунушту берип олтурушат. Бул кадам менин пикирим боюнча ашыктык болуп жатат. Биз анда иштеп жаткан президентти “Сен келечекти ойлосоң келерки парламентке сөзсүз өз партияңды алып келишиң керек” дегенге түртүп жатабыз. Президент таза иштегенди ойлобойт, артымдан чукулабасын деп партия түзө коёт. Бирок, жүз жолу өзүнүн партиясын түзсө дагы, ага 30–40 тууганын киргизе албайт. Бийликтен кеткенден кийин ошол 30–40 депутатынын арасынан 90 пайызы башка тарапка кетип калат. Азыр Атамбаевдин КСДПсында 38 депутат. Эртең бизге прокурор Атамбаевди жоопко тартууга макулдук алууга келсе, КСДПнын 30 депутаты макул деп добуш берет. Мен буга ишенем.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости