www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе...Арабыздан өтүп кеткен белгилүүлөрдүн достук мамилесин, адамдык асыл сапаттарын досторунун оозунан уктук.

- Темирди Тёма дечүмүн. 20 жыл мурда БУУнун бир долбоорунда чогуу иштеп калып таанышканбыз. Анда экөөбүз тең университеттин акыркы курстарында окучубуз. Бизди Кербенге иштегени жиберишти. Андан кийин Кочкор районуна бардык. Бир бөлмөнү ижарага алып чогуу жашачубуз. Суук күндөрү жатканда Темирди кучактап алчумун. Колу-бутум таштай муздак, анын далысына, бутуна басып жылытам. Башында жинденип урушуп жүрдү. Кийин өзү деле көнүп калды. Мен кырсыкка кабылганда эсиме келбей жаттым да. Ооруканадан көзүмдү ачканда маңдайымда костюм-шымчан, галстукчан ийнине ак халат жамынган досумду көрдүм. Өзү мамлекеттик жооптуу кызматта иштесе да күнү-түнү жанымдан чыкпаптыр...

Билесизби, жашоодо жакшы достон жолуң болгондон өткөн бакыт жок. Мен эмоцияга бат алдырган, жиним келгенде кыйкырып урушкандан кайра тартпаган адаммын. Тёмага көп жолу ушу жаман кыялымды көрсөттүм. Биринде да “эй, айбан, туура эмес сүйлөп атасың” дечү эмес. Унчукпай кутулчу. “Илим, жинденбечи, баары жакшы болот” дегенинен жазчу эмес. Азыр мага досумдун ушу сөзү жетишпей турган кези.

Акыркы ирет Таласка кетип баратканда да өзүм КТРКдын алдынан узаткам. Радиого интервью бергени келди. Кабинетиме кирип чай сунуштасам суу ичти. Сыртка узатып чыгып “Келгенде шашпай отуралы” деп кучакташып коштошконбуз...

Булак: "Леди кж"

Последние новости