www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги саясатчы Равшан Жээнбеков менен Стамбаевдин маегинин алкагында баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.
-Кыргызстанда 27 жылдан бери эле, парламенттик дагы, президенттик дагы шайлоолор коррупциялык, добуш сатып алуу, фальсификациялар, административдик басым менен өтөөрүн мен эмес, кичине балдар деле жакшы билишет. Бийлик, өлкө, улут муну моюнга алып, оңдошубуз керек. Мындай жолдор менен кайра кайра жалган шайлоолорду өткөрө берүү бизди артка гана тартат. Атамбаев айтып аткан сөздөр ушунун гана бир далили. Эмне үчүн буга чейин көтөрбөгөнүн Атамбаев өзү айтып бергенсиди.
"Шайлоо кассасы" окуясы бул чоң саясий жер титирөөнүн башы. Бул бийликти чоң кризиске алып келет. Себеби, менин оюмча, ал тизменин чын экенин, бийликтин кошоматчыларын, дежурларын кошпогондо, элдин баары эле түшүнүп турат.
Президент, Өкмөт, парламент бул тизме, шайлоо маселелери, саясий коррупция маселелери боюнча, башын катпастан, тескерисинче бул оор, жаман көрүнүштү чечкенге, жол көргөзгөнгө аракет кылышы керек.
-Равшан мырза, шайлоо кассасы Жээнбековго көбүрөөк маселе жаратабы же Атамбаевгеби?
-Шайлоо кассасы бир эле президент Жээнбековдун проблемасы эмес, Атамбаевдики дагы. Аны азыркы, коомдо, социалдык түйүндөрдө болуп аткан талкуулар так көргөзүп турат. Бирок, азыр бийликте президент Жээнбеков отургандыктан бул жаманаттынын көбү ага тиет. Себеби бүгүн ал бийлик. Анын бийлигине доо кетет, легитимдүүлүк маселеси жаралат.
-Бирок, Жээнбековдун аппараты аны фейк деп жатышат го. Ал турсун ал маалыматты жарыялаган Нурбек Токтакуновго кылмыш иши козголушу мүмкүн деген маалыматтар айтылып жатат го?
-Эч кандай фейк эмес! Бийлик фейк дегендин ордуна бул маселени кантип чечебиз, кантип таза шайлоо өткөрөбүз деп ойлонушу керек. Бийлик фейк дегенде эле фейк болуп калбайт. Баса, ал тизмедегилер бүгүн болбосо, эмки жылы, наркы жылы чындыгын айтып беришет да. Ал акчаларадын эртели кеч кол каттары, далилдери чыгат да. Ал эми бийлик Н. Токтакуновко кылмыш ишин козгосо анда өздөрү уят болот. Токтакунов жаран катары маалымат алууга, маалымат таратууга толугу менен укугу бар. Н. Токтакунов күчтүү, билимдүү, белгилүү жарандык лидер!
-Баса, Атамбаев азыркы бийликти Бакиевдин доору менен салыштырды. Азыр Бакиевдин убагындагыдай көрүнүштөр орун ала баштадыбы?
-Азыркы убакты Бакиевдин убагы менен салыштыруу адилетсиз болуп калат. Ачыгын айтыш керек азыр массалык маалымат каражаттарына, журналисттерге басым жок. Алар эркин, каалаган бийлик өкүлдөрүн, президентке чейин сындап иштеп атышат. Азыр саясатчыларга, активдүү жарандарга басым, коркутуу жок. Каалаган адам каалаганын айтууда, каалаган саясатчысын колдоодо. Саясий эркиндик, сөз эркиндиги багытында биз азыркы президенттин убагыда бир топ алдыга жылган кадам жасай алдык.
-Атамбаев менен Жээнбековдун курчуган тирешин эмне токтотушу мүмкүн?
-Бул конфликт токтобойт. Бул тарыхта калчу саясий конфликт болот. Саясий күчтөрдүн, медианын токтотууга аракет кылуусунун деле зарылчылыгы жок. Бул саясат. Мурдагы президент менен азыркы президент каалап -каалабай, билип - билбей өлкөдө саясий атаандаштык, бийлик - оппозиция, ачыктык, бири бирин контрол баалуулуктарын жаратышууда. Бул жалпысынан өлкө үчүн жакшы көрүнүш. Негизи, эми, эки тарап тең, компромат, таарынычтардан өйдө көтөрүлүп, өлкөнүн келечеги, экономика, жумушсуздук, тышкы саясат сыяктуу конструктивдүү талаш-тартыштарга, идеяларга дагы өтүшү керек.
-Каалайбызбы, каалабайбызбы экс-президент менен азыркы президенттин тиреши күндөн күнгө күчөй баштады. Экөө тең актанып, кандай маселе болсо да өз чындыктарын айтууга аракет кылып жатышат. Кимисинин жообу сизди көбүрөөк ынандырды?
-Мага, профессиналдуу саясатчы катары экөөнүн тең бири бирине болгон таарынчтары, бөлө албаган бийликтери маанилүү эмес. Булар пендечилик гана таарынычтар. Мага экөөнүн саясий тирешинен өлкө, кандайдыр бир өнүгүүгө дуушар болобу жокпу ошол маанилүү.
-Мурунку президент оппозициянын башына келгиси келип жатканын айтты. Бүгүн анын тегерегине саясий күчтөр чогула алабы?
- Анын кандай оппозиция болоорун айтуу кыйын. Ал өзүнүн кадамдарына, көз карашына, жасаган ишине байланыштуу болот. Эгер ал оппозициянын ролун аткарам десе анда бул жаман деле эмес. Эгерде конструктивдүү оппозиция боло алса, кандайдыр бир жаңы саясий күчтөр, жаңы көз караштагы адамдар менен бириксе өлкөгө пайдалуу эле болот. Ал жалаң гана өч алуу менен алек болсо, жеке тар кызыкчылыктарын көздөсө андай оппозициянын бизге кереги жок.
-Курултайда эки президенттин ортосундагы маселе көтөрүлүшү буларды элдештирүү аракети болушу мүмкүнбү?
-Курултай өлкөдөгү бардык маанилүү, оор соц экономикалык маселелерди көтөрөт. Атайы эки президенттин маселесин көтөрбөйт. Бирок, кимдир бирөө бул темада сүйлөйм десе, Курултай тыю салбайт. Курултай резолюция кабыл алат. Ал революциянын рекомендациялык гана күчү болот.
Курултайды уюштуруу, өткөрүү боюнча биз өлкөдөгү көрүнүктүү, белгилүү М. Шеримкулов, Т. Тургуналиев, А. Эркебаев, Ф. Кулов сыяктуу аксакалдар менен кеңешип колдоолорун алганбыз. Менимче алар, кааласа, туура деген сөздөрүн айтса керек.
Булак: NazarNews.kg