www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg коомдук ишмер, укук коргоочу Эдил Байсалов менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маегинде орун алган айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.
-Эдил мырза, Атамбаев кечээ апрель телеканалына кенен-чонон маек берди. Анын маегин көргөндө чындыкты айтып жатканына көзүңүз жеттиби же актанып алууга аракет кылганы байкалып калдыбы?
- Атамбаевдин буга чейин бир эле жетишкендиги бар болчу. Ал "таза шайлоо өткөздүм" дей алчу сөзү эле. Эми, көрсө, кыргыз элине 3% рейтинги бар экинчи Бакиев "шүмшүк" Жээнбековторду ыплас акчага президентикке орнотуп бериптир. Ага ким күнөөлүү. Жанагы элди дүрбөтүп жаткан "кара бухгалтериясын" шоопуру Икрам, секретаршасы Надира болуп, 7-апрель көчөсүндөгү өзүнө тийиштүү кеңседе жүргүзүп атышты да, туурабы? Ага көзөмөл жүргүзгөн вазири Фарид Ниязов болгон да. Бул кишиде абийир же мээ жок. Мен президенттик учурунда эле "айнып калыптыр" деп бир канча жолу айткам. Эми кечээ күнкүсүн көрүп, каратып калп айтканда, баягы эле кыргыздын сөзүн эстедим: уялбагандан өзүң уял дегенди.
Бирок бул күлкүлүү эле бир окуя болсо мейли эле. Атамбаев азыр кыргыз элине жана мамлекеттүүлүккө өтө чоң коркунуч келтирүүдө. Бул кайра-кайра "Бакиевдер" деп кайталаганын биз туура жана так түшүнүшүбүз керек: бул ошол сөз менен регионалдык араздашууну козгоп атат, элди экиге бөлүп, тукуруп атат. Мунун жалгыз эле үмүтү ошондо. Кайра биз бири бирибизди жек көрүп, экиге бөлүнсөк, Атамбаевдин иши алдыга жылат, отуна май тамызылат. Бул өтө чоң коркунуч. Бузукунуку оңой иш. Ошол үчүн баарыбыз азыр дыккат болуп, туура баа беришибиз керек.
-Текебаевди камаганына чын дилинен өкүндүбү же ал чыкса, мени жөн койбойт деп кейидиби?
-Текебаевти каматканын моюнга алып атат. Бул мына дагы бир факт аны экс-президенттик макамынан ажыратууга. Биз ошол кезде айткандай эле, президент болуп туруп, ким камалат, кимдин кылмышына көз жумулат - баардыгын сот эмес, Атамбаев чечкен. Эми азыр түштөн кийин Текебаев жана эркин пресса боюнча айткан сөзү бул "кыргыз элин жаш баладай эле алдайм" деген планы. Бул кишиге ишенүүгө болбойт. Убагында Бакиевдерди даңазалап, аларга премьер-министр болуп, анан керек болсо Германияга чейин барып, ден соолугун сураган киши - эми мына азыр эки сөзүнүн бири Бакиевди сөгүп каргап атат.
Бакиевди ошончо жек көрсөн, анда эмнеге ошонун кадрлары болгон сүйүктүү Сапар Исаковдорду көкөлөттү? Эмне үчүн ошол “Акжол” партиянын жетекчилерин КСДПнын биринчи катардарына тургузду? Жанагы эле Раим Миллион деп атат. Кокуй, аны жети жыл бою өзү саап келбеди беле. Акыркы күнү кызы урушуп кетиппи ошол Раимдин балдызы менен, иши кылса акча түшпөй калаарын билгенде, Раимди кетирип, ишенимдүү Кулматовун Улуттук банктан кайра бажыга которгон. Мунун планы боюнча баардык коррупция агымдары мурункудай эле чөнтөгүнө түшүп турушу керек эле. Керек болсо, ошол Раимдин агасы Искендер Матраимовду дагы КСДП партиясынын саясий кеңешине чейин алып барган өзү. Эми азыр болсо өзү таза, Жээнбеков кир болуп жатат анын оюу баюнча.
-Эмнегедир Атамбаев буга чейин сындап жүргөн Мырзакматов, Ташиев, Келдибековду мактап, Жээнбеков Мырзакматовдун гана көлөкөсүндө болуп жүрчү деди го? Азыр алардан колдоо күтүп жатабы?
- Кайра-кайра өзүн Сталин сезип "какую я страну принял, какую оставил" деп айтып атат. Көрсө, Атамбаевге өрттөнгөн Ош менен Маевка калыптырда. О кудай, ал жерлер Атамбаев бийликти төңкөрүп, жоопкерчиликти колуңа алгандан кийин болуп атат го. Ошондо Убактылуу өкмөттүн дагы бүт күч органдарын Бекназаровдон кызганыппы, же чоочулаппы, атайын комиссия түзүп, толугу менен өзүнө баш ийдирип алган. Өзү дайны жок жоголуп кетти эле го ошол каргашалуу июнь күндөрү, таптырбай. Эми ушул Атамбаев бекен баа бере турган Жээнбековго. Ошту 2010-жылы апрелинде Бакиев алып койгондо, эч ким эч качан Убактылуу өкмөттү таанымак эмес.
Бакиевдер мыйзамдуу бийлик катары эл аралык коомчулукка апелляция кылышмак дагы, эртеби кеч ОДКБ десантын жөнөтмөк, Атамбаев менен Отунбаевалар соттолмок. Ошондо Ошко Мырзакматовдун көлөкөсү болсо дагы, Жээнбеков Бакиевдерге туруштук берип, киргизбей койгон. Мына эрдик ошол жерде. Бул апрель-майда болгон окуя. Июньда болсо кимдер кана баатыр болуп чыкпады. Жээнбеков пиарга көңүл бурган эмес, өзүн мактаткан да эмес. Эми ошого баа бере албаган "досу" Атамбаевди биз эмне десек болот? Мен башынан эле айтып келе атам. Атамбаевдин трагедиясы бул Шекспирдин эле сюжети. Эң саткын киши ушул Атамбаев экен. Буга сөз жок.
-Атамбаевдин бул маалыматтары баштагыдай таасир этип, Сооронбай Жээнбековду ээрден кыйшайтып койбойбу?
-Атамбаев толугу менен саясий банкрот деп өзү өзүн жарыялады. Мына өзү айтып атат, баардык кылган ишинен бир дагы майнап чыкпаптыр. Бүт жерден жаңылышыптыр. Атамбаевди азыр авантюрист бузукулар кана ээрчийт. Кыргыздын биримдигине шек келтиргендер гана Атамбаевге кошулат. Жээнбековдун азыркы учурда былтыркы менен салыштырмалуу легитимдүүлүгү бекем. Былтыр аны элдин арасында дагы, сыртта дагы марионетка куурчак катары көрүшсө, азыр авторитети эң жогору. Элдин бир чейреги добуш берсе, эки-үч эсе көп мекендеш ошол Атамбаевдин сөзүн укпай, туңгуюк жолунан баш тарткандан бери ишеним көрсөтүп, азыркы учурда мандаты өтө бекем. Эми, албетте, ошол ишенимди акташ керек. Аны өзү деле билет.
Атамбаевдин сөзү түздөн түз азыр залакасын тийгизе албайт. Бирок, бийлик аксаса, кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса, кыргыз эли экиге кайра бөлүнсө деп тилеп атат карасанатай Атамбаев. Атамбаевдин коррупциясынын артынан түшүш керек, эч тартынбай эле. Миң сөз айтып деле кереги жок. Биз баардыгыбыз билебиз ал 6-апрельде кандай тамдан камакка алынганын. Ошол үйүндөгү эмеректери, отурган диваны. Эми ошону менен кечеки телеканалына берген интервьюсун салыштыргыла. Коррупциянын анабашы так ушул Атамбаев өзү. Балдардын каны менен "таза бийлик орнотом" деген убада берген Атамбаевдин кылмыштарына баа берүү азыркы элдин талабы!
Булак: NazarNews.kg