www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин иниси Райымбек Матраимов жөнүндө айтканына комментарий берди.

- Мен ушул убакка чейин экс-президент жөнүндө бир ооз да жаман сөз айткан эмесмин, айткым да келген эмес. Менимче, бул кишини бирөө жарым окутуп, мээсине “Райым” деген атты куюп койгон окшойт. Бир айтты, эки айтты, эми пластинкасы чайналып калган немеге окшоп, кайра-кайра кайталай берүү туурабы? “Өч алып жатат, минтип жатат” деген президент болгон кишинин деңгээлиби? Бул анын өзүнө аброй алып келбейт деп ойлойм. Райымды иштен алууда бажыдагы киреше түшүп кетти деп жөн эле шылтоо кылып коюшкан. Болбосо Атамбаевдин мурдагы аялынын кызы менен Райымдын кайнежеси машине кое турган жер талашып кетишет. Кызы барып “мени Райымдын туугандары ушинтип жатат” деп арызданганда, Атамбаев жинденип “Райымды иштен алгыла” деп айткан. Бирок албетте артында саясат да болгон. Ошол кезде Казакстан менен чек ара чырын чыгарып алып, кайра ошого жооп чара кылып инимди иштен алышкан. Негизи Райымбек бажы тармагында эч кандай коррупцияга аралашкан эмес. Эгер аралашкан болсо мурда эле аныктап алышмак.

Искендер Матраимов ошондой эле анын иниси президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын каржылабаганын, бул жөн гана жалаа экенин кошумчалады.

“Азаттыктын” Райымбек Матраимовдун өзү менен байланышуу аракетинен да майнап чыккан жок. Бирок ал буга чейинки массалык маалымат каражаттары менен болгон маектеринде “Алмазбек Атамбаевдин жана анын ишенимдүү адамы делген Икрамжан Илмияновдун жардамы менен кызматка келгенин” айткан жайы бар.

Алмазбек Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаков менен Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовдун камалышын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырган. ​

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов былтыр ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Буйрукта "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык иштен алынды" деп жазылган. Бул беренеде “Өзгөчө тартипте кызмат ордуна дайындалган адамдар алардын иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбеген учурда иштен бошотулат” деп жазылган.

Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. 

Булак: "Азаттык"

Последние новости