www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева ОшМУда өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форумуна катышууда.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун ассоциациясы, Ош мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Россиянын ректорлор союзу, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети тарабынан уюштурулуп жаткан форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору чакырылган.

Форумдун максаты билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия экономикалык биримдигине бирдиктүү билим берүү процессин түзүү болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости