www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Португалиянын улуттук курама командасынын жана Сауд Арабиясынын «Ан-Наср» клубунун жылдызы Криштиану Роналду менен анын сүйүктүүсү, модель Жоржина Родригес жакынкы күндөрү расмий түрдө баш кошот.
Британдык Daily Mail басылмасынын маалыматына ылайык, түгөйлөрдүн салтанаттуу үйлөнүү тою ушул дем алыш күндөрү Роналдунун мекени болгон Мадейра аралында өтөт.
Маалыматка ылайык, нике кыюу аземи Фуншал шаарындагы башкы собордо өткөрүлөт. Андан соң жаш жубайлар жана чакырылган коноктор беш жылдыздуу мейманканада той өткөрүшөт.
Тойдун купуялуулугун жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында мейманкананын жетекчилиги алдын ала башка эс алуучуларга жума жана ишемби күндөрү мейманкананын эки кабаты жана бир нече бар аймагы убактылуу жабыларын билдирген.
Белгилей кетсек, Фуншал шаары Криштиану Роналдунун туулуп-өскөн жери болгондуктан, бул үйлөнүү тою спорт жылдызы үчүн өзгөчө символдук мааниге ээ.
Криштиану Роналду менен Жоржина Родригес 2016-жылдан бери чогуу жашап, бир нече баланы тарбиялап келишет. Футболчу сүйүктүүсүнө расмий түрдө 2025-жылы үйлөнүү сунушун киргизген. Маалыматтарга караганда, бул үлпөт тою спорт дүйнөсүндөгү жылдын эң көп талкууланган жана эң ири салтанаттарынын бири болот деп күтүлүүдө.