www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы бир сутканын ичинде Россиянын 83 аймагынан жалпы 9 миң 623 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 57 бейтап каза болуп, 1 миң 793 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган 9 миң 623 адамдын ичинен:
Москва шаарында - 5 миң 358;
Москва облусунда - 807;
Санкт-Петербург шаарында - 323;
Нижегород облусунда - 320 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул аталган өлкөдөгү сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен рекорддук көрсөткүч болду. Буга чейинки рекорд кечээ, 1-майда катталган. Анда 7 миң 933 адамдан вирус аныкталган.
Россиянын 85 аймагынан жалпы 124 миң 54 адамдан инфекция аныкталды. 1 миң 222 адам каза болуп, 15 миң 13 бейтап айыгып чыкты.
Булак: NazarNews.kg